Бишкек шаардык соту Чотонов менен Текебаевди камакта калтырды

Бүгүн, 12-июнда Бишкек шаардык сотунда Өмүрбек Текебаев менен мурдагы элчи Дүйшөнкул Чотоновго козголгон кылмыш иши боюнча сот отуруму ачык түрдө өттү. Жактоочулардын талаш-тартышынан кийин соттук отурумдун жүрүшүн видеого тартууга уруксат берилди.

"Өлкөдөгү 2 революция тең сот системинин акыйкатсыздыгынан улам болгон. Бүгүнкү соттук кароодо силер менин эмес өлкөдөгү сот системинин тагдырын чечкен чечим кабыл аласыңар", - деп сотко кайрылды Текебаев. Бүгүн сотто Чотоновдун баш коргоо чарасы каралмак.

Эскерте кетсек, 8-июнда Чотонов менен Текебаевдин иши Биринчи Май райондук сотунда каралып жатканда, Дүйшөнкул Чотоновдун жактоочусу баш коргоо чарасын өзгөртүү боюнча кассациялык даттануу менен шаардык сотко кайрылган. Буга байланыштуу Биринчи Май райондук сотунда Текебаев менен Чотоновдун иши боюнча соттук процесс белгисиз мөөнөткө жылдырылган. Бирок бүгүн эмнегедир Бишкек шаардык сотунда Чотонов менен бирге Текебаевдин дагы иши чогуу каралды. Мунун себебин сот Текебаевге карата соттун мурдагы чечимин туура чыгарып берсин деген мамлекеттик айыптоочунун сунушу менен түшүндүрдү.

Жыйынтыгында Бишкек шаардык соту Биринчи Май райондук сотунун Текебаевге карата 22-майда чыгарган чечимин күчүндө калтырды. Ал эми Дүйшөнкул Чотонов боюнча райондук соттун 7-июнда чыгарган чечимин шаардык сот өзгөртүүсүз калтырды.

Бишкек шаардык сотунда Текебаев менен Чотоновдун иши ачык каралууда 12.06.17
Бишкек шаардык сотунда Текебаев менен Чотоновдун иши ачык каралууда 12.06.17 (2)
Тектеш кабарлар:
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан