Текебаев Азат Базаркуловдун "Мегакомдун" директорлук кызматына ким аркылуу келгенине кызыкты

Өмүрбек Текебаев Азат Базаркуловдун азыркы кызматы - "Мегакомдун" директорлук кызматына ким аркылуу келгенине кызыкты.

"2012-жылы башкы директор болуп дайындалгансыз. Кимдин сунушу менен келгенсиз? Өкмөттүнбү же президенттин сунушу менен келгенсизби?" - деп суроо салды. Базаркулов жооп берген жок. Андан кийин Текебаев "Мегакомдун" 49 пайызын улутташтыруу боюнча чечимди аткаруу кеч ишке ашканын кошумчалады.

"Акциянын 49 пайызын мамлекетке улутташтыргыла, акционерлерди чакыргыла" деп тапшырма берилген. Ага ылайык акционерлер чакырылып, мекеме 2010-жылы 23-майдан 25-майга чейин улутташтыруу керек болчу. Бирок болбой калган. Кайра 14-сентябрда дагы пландалып, анда да ишке ашпай калган. Анын күн тартибинде улутташтыруу жана башкы директорду дайындоо боюнча маселелер жазылган. Андан сырткары ал жерде Модинди дайындоо тууралуу маалымат жок. Сен ошол катта Модинди директорлукка дайындоо тууралуу окугансыңбы?" - деп суроо салды. Базаркулов катта Модинди башкы директорлукка дайындоо тууралуу маалымат болбогонун белгиледи.

Тектеш кабарлар:
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (1)
al-abu-kinesz
2017-07-05 12:51:15
Гавно на воде не тонет! (Кечирип койгула кыргызчасы создун маанисин толук тушундурбой калат экен). Ушундай темп менен сот улана берсе баары ачыкка чыгат!
0
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан