Бүгүн, 3-августта Бишкек шаарынын Биринчи Май райондук сотунда Өмүрбек Текебаев менен Дүйшөнкул Чотоновдун иши боюнча соттук отурум өтүүдө. Анда жактоочу Канат Хасанов Өмүрбек Текебаевге козголгон кылмыш ишин кыскартуу өтүнүчүн келтирди.
"Менин коргоомдогу айыпталуучу Текебаев жана Чотоновго карата тагылган алдамчылык беренесин кыскартууңузду өтүнөбүз. Себеби сотто алардын бул берене боюнча кылмышы далилденген жок. Жазык процессуалдык кодексине ылайык мындай шартта иш кыскартылууга жатат", - деди Хасанов.
Бирок ага мамлекеттик айыптоочулар каршы экенин билдиришип, сот болсо ал өтүнүчтү четке какты.