Бүгүн, 11-июлда Бишкектин Биринчи Май райондук сотунда "Ата Мекен" фракциясынын лидери, депутат Өмүрбек Текебаев жана мурдагы элчи Дүйшөнкул Чотоновдун үстүнөн козголгон кылмыш иши боюнча соттук отурум өтүүдө.
Соттук жыйында "Ата Мекен" фракциясынын башчысынын милдетин аткаруучу депутат Алмамбет Шыкмаматов күбө катары сурак берди.
Ал мамлекеттик айыптоочулардын суроолоруна жооп берип жатып, Азат Базаркуловдун күбө катарында берген көрсөтмөсүн калп экендигин айтты.
"Мен MegaCom'дун башчысы Азат Базаркулов берген көрсөтмөнү угуп таң калып турам. Себеби ал калп айтты. Мен аны мурда эч качан көргөн эмесмин. Биз УКМКнын тергөөчүсүнүн иш бөлмөсүнөн гана беттештирүү маалында жолугуштук. Ал "Текебаев, Чотонов жана мени менен "Альфа Телеком" ЖАКынын ишин Бишкектеги Обама кафесинде талкуулаганбыз" деп калп айтты. Аны менен тергөөдөн чыгып, атайын УКМКнын алдында күтүп отуруп сүйлөштүм. Базаркулов мага "мен алардын илинчегиндемин башка айлам жок, убагы келет баарын айтам, мен Кудайдан корком" деп айткан", - деди.
Ошондой эле Шыкмаматов Өмүрбек Абдырахмановдун Текебаев боюнча айткан көрсөтмөлөрүнө токтолду:
"Абдырахманов пайгамбар жашына келип алып, Текебаев жөнүндө калп айтты. Анын Маевский менен Текебаев боюнча айткандары боюнча, "жыйындарда бир жерден уктум эле" деп айткан сөздөрү бар. Керек болсо архивден таап беребиз. Анын айткан ушагын ишке тиркеп алып прокурорлор сотто уят болуп отурушат".
Андан соң "Ата Мекен" партиясынын мүчөлөрү Нурбек Абдырахманов жана Калысбек Боронбаевдер көрсөтмө беришти. Экөө тең 2010-жылдары Текебаевдин айланасында иштеген адамдар катары, ага коюлуп жаткан айыптарды тастыктап беришкен жок.
Мындан башка да 6 күбө келмек. Прокурорлор аларга сотко чакыруу кагазын алып барганда, үйлөрүндө жок экендигин айтышты. Айыпталуучу тарап келбей калган күбөлөр Текебаевдин пайдасына көрсөтмө беришеринен улам прокурорлор аларды чакыргандан коркуп жатышканын айтып чыгышты.
"Буга чейинки соттордо күбөлөрдүн коопсуздугуна карап, фото, видеого тартууга тыюу салынды эле. Эми күбөлүктөн өтүүчүлөр өздөрү да сотту ачык өтсүн, эл биздин айткан көрсөтмөлөрүбүздү уксун деп жатышат. Ошондуктан мындан аркы жыйындар ачык болуусу керектиги тууралуу өтүнүч келтирем", - деди Текебаевдин жактоочусу. Өтүнүчкө мамлекеттик айыптоочулар каршы болуп, төрага аны четке какты.
Андан соң Текебаевдин жактоочулары сотко ишенбөөчүлүк көргөзүп, аны соттук ишти башка бирөөгө өткөрүп берүү өтүнүчүн айтышты. Сот Айбек Эрнис уулу бул өтүнүчтү да четке какты.