Өмүрбек Текебаев мамлекеттик жактоочудан баш тартып, себебин түшүндүрдү

Бүгүн, 2-октябрда Жогорку Кеңештин депутаты Өмүрбек Текебаев менен экс-элчи Дүйшөнкул Чотоновдун иши боюнча сот отуруму өтүүдө.

Отурумга жактоочулар Канат Хасанов менен Чынара Жакупбекованын келбей калгандыгына байланыштуу сот Текебаевге мамлекеттик жактоочу Элвира Чоноеваны дайындады. Бирок Текебаев мамлекеттик жактоочудан баш тартты.

"Конституцияга "багары жок жакырларга мамлекеттен акысыз жактоочу берилсин" деген норманы мен киргизгем. Бүгүн мен акча бербесем да, мага жактоочу болом дегендер ондоп саналат. Мага мени эмес, прокуратуранын кызыкчылыгын коргогон жактоочунун кереги жок. Мен өзүмдүн жактоочуларым жок иштебейм. Мени сыртка чыгаргыла", - деди Текебаев.

Соттук жамааттын төрагасы: "Сиздин кылмыш ишиңиз оор болгондуктан, мамлекет тарабынан жактоочу берилет. Ишти улантабыз", - деди сот.

Бирок Өмүрбек Текебаев менен Дүйшөнкул Чотонов сот залынан сыртка чыгарылып кетти.

"Ата Мекен" партиясынан билдиришкендей, жактоочу Канат Хасанов Бишкекте эмес, ал эми Чынара Жакупбекова баласы ооруп калып, сотко келе алган эмес.

Тектеш кабарлар:
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (4)
zhumali
2017-10-02 11:39:10
Булар калпеле сүйлөй беришет
-2
Patriot7
2017-10-02 12:28:14
Атамбаевдин зулумдугу Акаев, Бакиевден отуп тушту... Ушундай зулумга чыдап башына которуп жургон элге да тан каласын, элде намыс калган эмеспи деп....

Ал эми сот-прокурорлор эртеби кечпи жазасын алышы керек, кийинкилерге сабак болушу керек... Атамбаев Кудай эмес, анын да поюзу келет, ал кундор жакын!!!.....
+4
aizush
2017-10-02 14:44:58
Текебаев туура айтат ай
0
isabek1977
2017-10-02 20:19:55
Балдары ооруп жатат деген шылтоо коп айтыла баштады.Балдарын бул иштерге аралаштыргандан уялбайсынарбы.
+1
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан