Бүгүн, 4-августта Бишкек шаарынын Биринчи Май райондук сотунда Өмүрбек Текебаев менен Дүйшөнкул Чотоновдун иши боюнча соттук отурум уланды. Анда жактоочулар айыпталуучудан ага козголгон кылмыш ишин качан жана каяктан укканын сурашты.
"Мен өзүмө козголгон кылмыш иши тууралуу чет өлкөдө жүргөндө уктум. Бирок мен качып, өлкөгө келбей койсом өлгөндөн да жаман болмок. Ошол учурда “бакылдаган текени суу кечкенде көрөбүз” деген макал мен үчүн айтылгандай эле болду. Менин келбей коюшума кызыкдар болгон адамдар чалып, келгенимде камаларымды айтышкан. Бирок мен коркпостон өлкөгө келүүнү чечкем. Анткени балдарымдын, тарых, эл алдында мен үчүн жоопкерчилик чоң болчу", - деди Текебаев.