Бүгүн, 4-августта Бишкек шаарынын Биринчи Май райондук сотунда Өмүрбек Текебаев менен Дүйшөнкул Чотоновдун иши боюнча соттук отурум уланды. Сотто айыпталуучу Текебаев көрсөтмө берип жатып, Өмүрбек Абдрахманов эмнеге ага каршы көрсөтмө бергенин айтты.
"Өмүрбек Абдрахманов менен болгон жаман мамилемден улам аны тергөөдө мага каршы пайдаланышты. Анткени ал мага кандай болсо да каршы көрсөтмө берүүгө даяр болчу. Маевский өз көрсөтмөсүндө 6 жолу "Абдрахмановду 13-майда Текебаевдин бөлмөсүнөн көргөнбүз" деген. Бирок биз майдын аягында гана Абдрахмановдун АКШдан келгенин айтканыбыздан кийин марттан баштап көрсөтмөлөрүн өзгөртүштү. Абдрахманов "мени "Мегаком" боюнча депутаттык комиссиянын төрагасы катары тааныштырган" деп айтып жүрөт. Бул такыр мүмкүн эмес болчу. Анткени Абдрахманов 29-декабрда депутаттык комиссиянын мүчөсү болуп шайланган. Ал эми Маевский мага жолуктум деген 21-декабрда мен жумушка келген эмесмин. Бул карама-каршылыктардын баары алардын жалган айтканын далилдейт. Мен 21-декабрда Маевский, Модин менен жолуккан эмесмин", - деди Текебаев.