Текебаев менен Чотоновдун сотунда тарапташтары менен конвойлордун ортосунда чыр чыкты

Бүгүн, 21-сентябрда Бишкек шаардык сотунда Жогорку Кеңештин депутаты Өмүрбек Текебаев менен мурдагы өзгөчө кырдаалдар министри Дүйшөнкул Чотоновдун иши каралмак. Бирок Чотоновдун жактоочуларынын башка жумуштары чыгып, отурумга келе албагандыктан отурум 26-сентябрга жылдырылды.

Сот отурумдун кийинкиге жылдырылгандыгын жарыялаган соң Чотоновдун тарапташтарынын бири соттолуучу менен сүйлөшүүгө аракет кылганда конвойлор аларды сүйлөштүрбөй коюшту. Натыйжада ортодо пикир-келишпестик чыгып, аягы кыйкырышууга чейин жетти. Аягында Чотоновдун тарапташы соттолуучу менен сүйлөшө албай сот залынан чыгарылды.

Айта кетсек, 16-август күнү Бишкек шаарынын Биринчи Май райондук соту Текебаев менен Чотоновду күчөтүлгөн режимдеги абакка 8 жылдан эркинен ажыратуу жана мүлктөрүн конфискациялоо чечимин чыгарган. Алардын жактоочулары соттун чечимине нааразы экенин айтып, шаардык сотко кайрылышкан.

Текебаевдин сотунда конвой менен талаш-тартыш (21.09.17)
Тектеш кабарлар:
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан