Бүгүн, 2-августта Жогорку Кеңештин “Ата Мекен” фракциясынын лидери Өмүрбек Текебаевдин жана мурдагы элчи Дүйшөнкул Чотоновдун үстүнөн козголгон кылмыш иши боюнча соттук отурум уланды.
Соттук отурумда Орусиянын жараны Алексей Модиндин көрсөтмөлөрү тартылган видео көрсөтүлдү. Тасмада 2010-жылы Модин Леонид Маевский менен келип Өмүрбек Текебаев жана экс-депутат Өмүрбек Абдрахманов менен эски аянттагы өкмөт үйүндөгү кайсы бөлмөдө, кандай шартта жолугуп сүйлөшкөнүн айтып бергени камтылган. “Жолугушууда мен, Талант Маматкеримов, Маевский, Өмүрбек Абдрахманов, Өмүрбек Текебаев жана Дүйшөнкул Чотонов катышкан”, - деп Модиндин көрсөтмөсү айтылат.
Мындан тышкары тасмада Алексей Модин Бишкектеги Горький жана Абдрахманов көчөлөрүнүн кесилишиндеги "Вефа" соода борборундагы 204-бөлмөдө отурган Талант Маматкеримовго 300 миң доллар алып келип бергенин айтат.
Видео көрсөтүлүп жаткан учурда айыпталып жаткан Текебаев бөлмөлөрдөгү орундуктарды тактап, бул бөлмөдө Убактылуу өкмөттүн ошол учурдагы биринчи орун басары отурганын айтып жатканда электр жарыгы өчүрүлүп сот жарым саатка тыныгуу жарыялады. Бирок бир аз убакыт өтпөй электр жарыгы бөлмөгө кайра берилгендиктен төрагалык кылуучу кайра отурумду улантууну чечти. Учурда Модиндин көрсөтмөлөрү камтылган тасма көрсөтүлүүдө.