Жанар Акаев: "Биз, жаш муун Текебаевдин камалышына тиешелүү адамдарды жоопко тартышыбыз керек"

Бүгүн, 16-августта Бишкек шаарынын Биринчи Май райондук соту Өмүрбек Текебаевди жана Дүйшөнкул Чотоновду мүлкүн ажыратуу менен 8 жылга эркинен ажыратты. Жогорку Кеңештин депутаттары Жанар Акаев, Каныбек Иманалиев, Алмамбет Шыкмаматов SUPER.KG порталына бул өкүм тууралуу пикирлерин айтышты.

Жанар Акаевдин ою боюнча, Текебаевге каршы иш саясий буйрук экени көрүнүп калды. "Анткени акыркы кездери Өмүрбек Текебаев бийликтин абийирин ача баштаган. Сотто Текебаевге каршы бир дагы ынанымдуу далил жок болгонун бүтүндөй Кыргыз эли көрдү. Эң өкүнүчтүүсү, чет өлкөдөгү бир шылуундардын, жалганчылардын, тарыхы таза эмес адамдардын көрсөтмөсү менен кыргыздын уулдарынын камалып жатканы. Биз жаңы саясий муун, жаш муун кийин сөзсүз түрдө буга тиешелүү адамдарды жоопко тартышыбыз керек. Менин оюмча, Текебаев менен Чотонов ак жеринен камалышты. Президенттик шайлоо алдында оппоненттерди жок кылуу болду. Элдин баары эмне болуп жатканын билип жатат. Мунун арты жакшылык менен бүтпөйт", - деди Жанар Акаев.

Депутат Иманалиевдин айтымында, иликтөөнүн, соттун жүрүшүндө дагы Текебаев акчаны алды деген бир дагы киши далилдеген жок. "Бир да аудио же видео далил жок. Мындан ким жапа чекти? Эч ким жапа чеккен жок да. Маевский чынында акча берсе, акчамды кайра алып келип бергиле деп айтыш керек эле да. Антип айткан жок да. Текебаев "Мегакомду" сатып жиберсе, 7 жыл мурун сатып жибермек да, ушул күнгө чейин мамлекеттин менчигинде турду го. Мунун баары саясий буюртма экендиги баарыбызга түшүнүктүү. Бүгүнкү бул өкүм Кыргыз мамлекетинде бийлик режими алмашмайынча, Кыргыз мамлекети өзүнүн туура жолун таба албайт. Элдин, парламенттин өкүлдөрү да саясий оппонент болгону үчүн ушундай жаза алышты. Бул жаза акыйкатсыз. Мен ойлойм, жактоочулар сотко кайрылат. Муну менен токтоп калбай шаардык сот, Жогорку Сот, эл аралык сот, абийир сот, Кудайдын соту бар. Муну менен кутулуп калышпайт", - деди Иманалиев.

Депутат Шыкмаматов Текебаев менен Чотоновдун иши боюнча сот Кыргыз тарыхында дагы бир адилетсиз сот процесси болгонун айтты. "Акыры жүрүп эл аралык сотко барчу болуп калды. Сот чечимди териштирүүнүн жыйынтыгына бир да далил келтире алган жок. Болгону тергөөнүн корутундусуна гана таянып ушундай адилетсиз чечим кабыл алды. Ошону коёндой окшош кылып окуп туруп 8 жылга эркинен ажыратып, мүлкүн мамлекетке чегерип койду", - деди Шыкмаматов.

Тектеш кабарлар:
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан