Текебаевдин жактоочулары Жогорку Сотко арызданышат

Кечээ, 2-октябрда Бишкек шаардык соту депутат Өмүрбек Текебаев менен экс-элчи Дүйшөнкул Чотоновго карата Биринчи Май райондук сотунун өкүмүн күчүндө калтырган. Жактоочулары шаардык соттун чечимин жокко чыгаруу өтүнүчү менен Жогорку Сотко кайрылышат. Бул тууралуу "Ата Мекен" партиясынын катчылыгынан SUPER.KG'ге кабарлашты.

"Жогорку Сотко доо арыз берүү боюнча маселе бүгүн чечилет. Шаардык соттун чечими 10 жумушчу күндүн ичинде күчүнө киргенче биз доо арыз беребиз, убакыт бар", - дешти партиядан.

Эскерте кетсек, 16-августта Биринчи Май райондук соту Текебаев менен Чотоновду 8 жылга эркинен ажыратып, мүлкүн мамлекетке чегерүү жана бошотулгандан кийин үч жыл мамлекеттик кызматта иштебөө тууралуу өкүм кабыл алган. Бирок Башкы прокуратура райондук соттун өкүмүнө макул болбой, соттолуучулардын абакта өтөөчү жаза мөөнөтүн узартып берүүсүн сурап, Бишкек шаардык сотко апелляциялык арыз менен кайрылган.

Тектеш кабарлар:
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (12)
kechirmeni
2017-10-03 11:57:51
Пайда жок,эл аралык сотко кайрылыш керек
0
Tolkun555
2017-10-03 12:03:13
3-серия башталат жыйынтык жок.баякы эле күчүндө калды деген чечим даярдап коюшту
0
Alixan-Nookat.2015
2017-10-03 12:08:22
Азыркы бийлик турганда акталбайт
0
Bolunbo.kyrgyz
2017-10-03 12:13:53
Эххх жон эле уйундоо ыссык чай ичип жатпайбы же эл учун иштешпесе
0
Karban86
2017-10-03 12:18:40
Текенин орду билинет экен парламентте
0
Paolo
2017-10-03 12:38:10
Сколько можно уже все смиритесь его посядт
-3
admin_superstan
2017-10-03 12:46:36
Paolo, портал кыргыз тилдүү болгондуктан кыргызча жазууну сунуштайбыз.
+2
Best.bakyt
2017-10-03 19:05:06
admin_superstan,бир орусча жазат, кээ бири озбекче жазат. Урматтуу админ ушундайларды эскертуусуз туболук банга айдагылачы сураныч. Ушундай акмактардын Кыргыз тилин тебелегени жанга батты.
-1
Kojosh80
2017-10-03 12:54:39
Жогорку сот карагыча шайлоо отот может шайлоодон кийин башкача болот
-1
adimyrza
2017-10-03 16:43:07
Пайда жок жогорку соттон да
0
KUBI
2017-10-03 23:05:44
Теке байкемдин жомогун угуп олтурат экен, чотонов исаев саляновалар.
0
sabyrer82
2017-10-04 11:02:02
Азыркы бийлик аман эле болсун,чекесинен камап эле келтат,кыргыз элин баарын камап койгула бир жолу,акмак эле болдунар го.
0
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан