Бүгүн, 10-августта Бишкек шаарынын Биринчи Май райондук сотунда Өмүрбек Текебаев менен Дүйшөнкул Чотоновдун иши боюнча соттук отурум өтүүдө. Отурумдун жүрүшүндө жарыш сөзгө прокурор Нурмат Исраилов чыгып, Текебаевди 10 жылга, Чотоновду 8 жылга эркинен ажыратууну суранды.
"Өмүрбек Текебаев орус ишкери Леонид Маевский менен макулдашып, "Альфа Телекомдун" башкаруусуна Маевскийдин ишенимдүү адамы Модинди киргизүүгө аракет кылган. Бул үчүн орус ишкеринен бир миллион доллар алган. Бирок бул ишке ашпай калган соң Текебаев алган акчасын кайра кайтарып берүүдөн баш тарткан. Өмүрбек Текебаев ошол кездеги Мамлекеттик мүлк фондунун жетекчиси Абдылдаев жана Чотонов, Маматкеримов менен тил бириктирип кылмыш жасашкан. Өмүрбек Текебаев жана Дүйшөнкул Чотоновду Кылмыш-жаза кодексинин 303-беренесинин биринчи бөлүмү (коррупция) менен айыптап, Текебаевди үй мүлкүн конфискациялоо менен 10 жылга, Чотоновду үй мүлкүн конфискациялоо менен 8 жылга эркинен ажыратууну сурайм", - деди прокурор.
Эскерте кетсек, 2017-жылдын 25-февралында Кыргыз Республикасынын Башкы прокуратурасы тарабынан "Ата Мекен" фракциясынын лидери Өмүрбек Текебаевге "коррупция" жана "алдамчылык" беренелери боюнча кылмыш иши козголуп, ошол эле күнү УКМКнын Тергөө башкармалыгына өткөрүлүп берилген. 26-февралда козголгон кылмыш ишинин алкагында Текебаев менен Чотонов камалган.
Башкы көзөмөл органдын маалыматы боюнча аларга орусиялык ишкер Леонид Маевскийдин арызынын негизинде иш козголгон. Маевский өз арызында Текебаев "Мегаком" иши боюнча 1 миллион доллар алып, аны кайтарбай койгонун айткан.