Бишкек ЖЭБи: "Январда шаардыктарга берилген жылуулуктун температурасы жогору болгондуктан төлөмдүн суммасы көп болот"

Ушул жылдын январь айында бишкектиктерге берилген жылуулуктун температурасы жогору болгондуктан анын баасы да кымбат болот. Бул тууралуу бүгүн, 8-февралда Бишкек ЖЭБдин басма сөз кызматынан билдиришти.

Маалыматка караганда, Бишкек ЖЭБ менен шаар тургундарынын ортосундагы келишим боюнча, ар бир айга карата берилүүчү жылуулуктун температурасы ар кандай болуп, ага жараша баасы да кымбат эсептелинет.

"Январь айында абанын температурасы төмөн болгондуктан, албетте, жылуулукту жогорку температурада бере баштайбыз. Ошондон улам чыгым көп коротулат. ЖЭБдеги авариядан улам январь айындагы төлөмдөн 5 күн кыскартылды. Бирок тургундардын 26 күнгө аз өлчөмдөгү эсепти болжолдогону туура эмес", - деп билдирди басма сөз кызматы.

Эске салсак, 26-январда кечки саат 6 чамасында Бишкектеги Жылуулук электр борборунун модернизацияланбаган бөлүгүндөгү от казандарда маселе жаралып, суунун температурасы 84 градустан 62 градуска чейин төмөндөгөн. Буга байланыштуу шаардагы үйлөргө берилген жылуулук төмөндөгөн. Орун алган мүчүлүштүктөрдөн улам Бишкектин тургундары 7 күнгө (январь айынан 5 күнгө, ал эми февраль айында 2 күнгө) акча төлөшпөгөнүн "Улуттук энергетикалык холдинг" компаниясынын басма сөз кызматынан кабарлашкан. Ошондой эле Башкы прокуратура ЖЭБдеги авария боюнча "шалаакылык" беренеси боюнча кылмыш ишин козгоп, ЖЭБдин башчысы Нурлан Өмүркул уулу кызматынан кеткен. Бишкек ЖЭБден 120 миң 947 үй жылуулук менен камсыздалат.

Тектеш кабарлар:
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (21)
Nurik1988
2018-02-08 17:48:52
Качан корбо элдин акчасын сыкмай экенда
+2
Nurik1988
2018-02-08 17:49:27
силерда толоп бергиле 5 кун суукта калып ооругандарга
+14
iasin
2018-02-08 18:15:10
Nurik1988, үшүгөнүбүздөн электр энергясын жактык
, оорудук ошону төлөп беришсин анда
+3
madanbekeshbaev
2018-02-08 17:53:38
Тапкан шылтоону кара!!! Бир аз окшоштуруп алдаганды уйронсонор болмок экен... Россияда октябрьдан апрельге чейин эле бирдей баа болот, а силердики ар айда ар турдуу олчомдо от жагасынарбы? Калптын деле чеги болот да...
+9
Tyty1990
2018-02-08 17:56:53
Тец биротоло жарылып кетсе экен. Директорлорунар кошо жарылып.
+4
jbolotov
2018-02-08 18:16:57
суукта коп жылуулук жибердик деген тариф дуйнодо болбосо керек? Анда эми ыссык суунун температурасына карап тологуло дейсинерби? Бишкек ушундай чар жайыттыка жетип калды тан каласын.
+10
Abdyrashit.Satylganov
2018-02-08 18:24:16
Иштен кетти болдубу? Ошондо жыйынтыгы эмне болду? Миллиондогон акчаларды ким жеген болот?
+4
Nurtilek001
2018-02-08 18:26:13
Блин акмактар жаман кыжырга тийип атат ушулар! 5кундукун толошпойт деп кайра-кайра жанылыктардан берип анан кайрале ашыгы мн ушундай вариантта чыгарып алышат экенда, жаман нервке тийип атасынар акмактар!
+4
talasik
2018-02-08 18:56:01
Бул акмакчылыкта анда эмне мактанасынар 7 толонбойт деп. Премьер министир укту болду бекен
+3
raikakyz
2018-02-08 20:16:16
Кайсы жерде жылуулуктун коп берилгенине жараша акча толончу эле.Ой тобоо,КР ото эле чектен чыгып баратат гооо.Канча жылуулук берилсе да бирдей баа болот эле го мурунтан эле.Ушундайдан КРда жашагын да келбейт тобоо кылдым.Элди сыкмай болдунар го донуздар.
+5
maks1980bishkek
2018-02-09 09:41:34
raikakyz,балдардын келечегин ойлоп туруп сиз айткандай пока не поздно крдан кетиш керекпи деп да ойлоп кетем кээде тообоо))
0
-Sumitra-
2018-02-08 20:56:22
Иши кылып ушул жерде да жеп атышат да эмнесин айтасынар дагы?Берген жылуулугун кордук го!Уят эле эми.Булардын бети деле чымырабайт.Баягыле эл налог,салыка толоп журо беребиз.
+4
gulmi
2018-02-08 21:03:53
Эл озубуз куноолубуз.Малдай болуп жанылыктардан эмнени уксак ошого ишенип олтуруп калабыз.Ошон учун Сапар Исаков уялбай 650 000 000 сурап жатат ТЭЦти ондоп бутобуз деп.
0
altyw95jan
2018-02-09 00:27:51
Акыретте соопторун сыгып сыгып алабыз достор ээч кыжалат болбогула просто суукта тонуп жаш балдарыбыздын ооруганы эле жалко да
0
Ayida
2018-02-09 01:38:01
Уяты жоктоооор акыретте кантип жооп берет экенсинер а?Коп келди бизге дагы.Ооруп сууктан жакшы боло элек жаш балдар бар.Силерда аларга толоп бергиле
0
gordaya
2018-02-09 08:47:13
чындап эле жылуулук кучтуурок берилди, (авария болгон кундорду санабаганда), мен аны ысык суудан байкадым, мурун ысык суунун чыгышын кобуроок кутуп жатсам , азыр тийгенде эле ыссык болуп чыгып жатты. мен макулмун кобуроок тологонго, акыретти мен дагы ойлойм, озум колдонгон ысык сууну, жылуулукту толоп берем.
-2
gordaya
2018-02-09 09:22:31
Калп эле олумуш болбогулачы, жыл сайын эле катуу суукта кобуроок берилет, жыл сайын кобуроок толойбуз, биринчи жолу толоп жаткандай суйлойсунор да, авария кундор перерасчет болот деди, эмне эле каргап шилеп жатасынар орустар айткандай первый раз что ли замужем? авария -ал албетте озунчо тема.
0
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан