"Ухан вирусу": Дүйнө жүзү боюнча вирус жуктургандардын саны 3 миллиондон ашты

28-апрелге карата дүйнө жүзүндө коронавирусту жуктургандардын саны 3 миллион 36 миң 605ке жетсе, каза болгондордун саны 210 миң 842ге жетти.

АКШда вирусту жуктургандардын саны 1 миллион 1 миңге жетсе, 113 миң адам оорудан сакайып чыкты, ал эми 56 миң 521 адам көз жумду.

Испанияда 229 миң 422 адам вирус жуктуруп алса, 101 миң адам илдеттен сакайып ооруканадан чыккан, ал эми каза болгондордун саны 23 миң 521 адамды түздү.

Италияда 199 миң 414 адам вирус жуктуруп, анын ичинен 66 миң 624 адам оорудан сакайып, 26 миң 977 адам көз жумган.

Жогорудагы маалымат АКШдагы Жон Хопкинс атындагы университеттин сайтынан алынды. Аталган булак Саламаттыкты сактоо боюнча дүйнөлүк уюм, коронавирус катталган өлкөлөрдүн Саламаттыкты сактоо министрликтери берген маалыматка таянып, сутка ичинде бир канча ирет жаңылоо менен вирустун тарашы боюнча статистиканы көзөмөл кылып жатат.

Тектеш кабарлар:
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан