Жалал-Абад шаары жана Сузак районундагы коменданттык сааттын эрежелери боюнча абал

27-марттан 28-мартка чейин Жалал-Абад шаары жана Сузак району боюнча коменданттык саат учурунда тейлеген аймакта оор жана өзгөчө оор кылмыштар катталган эмес. Бул тууралуу аталган аймактардын коменданты Жеңишбек Жоробеков билдирди.

Маалыматта оор кылмыш учурлары катталбаганы менен майда бейбаштык жана коменданттык сааттын талаптарын бузган фактылар болгону айтылат.

  • Коронавируска байланыштуу жалган маалымат таратуу боюнча - 3 факты (Таш-Көмүр 2, Майлуу-Суу 1). Бул факты боюнча сотко чейинки өндүрүш иши ачылып, тергөө амалдары жүргүзүлүүдө.

  • Коменданттык сааттын талаптарын бузуу боюнча - Сузак районунан 6 адам, Жалал-Абад шаарынын аймагынан 20 адам кармалган, мыйзам чегинде чара көрүү үчүн ШИИБине жеткирилген;
  • Айып аянтчасына коюлган автоунаалар боюнча - 4 факты; ШИИБде коменданттык саат бүткүчө кармалып, мыйзам чегинде чаралар көрүлгөн;
  • Бишкек-Ош жана Ош-Бишкек автожолундагы “Беш-Кепе” жана “Боз-Чычкан” блок постторунан жалпы 68 унаа, анын ичинен 62 жүк ташуучу автоунаа ИИМдин Жол кыймылынын коопсуздугун көзөмөлдөө башкы башкармалыгынын Жалал-Абад облусу боюнча бөлүмүнүн кызматкерлеринин коштоосу менен өткөрүлгөн;
  • Ошондой эле бул блок посттордо медицина кызматкерлери да кызмат өтөшүп, алардын көрсөтмөсү менен ден соолугуна байланыштуу зарыл болгон автоунаалар дагы коё берилип жатат.

Коменданттык штабдын онлайн WhatsApp кызматы жана түз ишеним телефондору жарандардын ар кандай маанидеги – 70тен ашуун арыз жана сунуштары каралып, аткарууга алынып жана тиешелүү кызматтарга сунуш-көрсөтмөлөрдү берүү иштери жүргүзүлүүдө.

Тектеш кабарлар:
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан