27-мартта коронавирус жуктуруп алгандар катталган жок.
"Кыска мөөнөттө коронавирус жуктуруп алгандар менен байланышта болгондорду издеп-табуу жана санын тактоо иштерин бүтүрүү керек" дейт өкмөт башчы.
"Ала-Букада каза болгон аялдын анализинен коронавирус чыккан жок". Саламаттыкты сактоо министрлигинин өкүлү билдирди.
Дүйнөдө COVID-19 пандемиясына байланыштуу абал оор бойдон калууда. Көптөгөн мамлекеттерде вирус жуктуруп алгандар көз жумуп жатат. Буга байланыштуу Кыргыз өлкөсүнүн Саламаттыкты сактоо министрлиги Дүйнөлүк саламаттыкты сактоо уюмунун маалыматтарына таянып, маркумду жерге берүүдөгү айрым эрежелерди иштеп чыкты.
Коронавирус менен ооругандарды караган дарыгерлерге айлыгынан тышкары 46 миң 360 сом төлөнөт.
"Бюджетке 400 миллион доллар түшпөй калышы ыктымал". Ушул жана башка маалыматтарды вице-премьер президентке жеткирди.
Күн ичиндеги кабарлардын ток этери Кыргыз өлкөсүндө коронавирус аныкталгандан тарта жарыяланууда. 18-март, 19-март, 20-март, 21-мартты, 22-мартты, 23-мартты, 24-мартты, 25-мартты, 26-мартты, 27-мартты окугуңуз келсе, ошол күндү басуу аркылуу тиешелүү шилтемеге өтө аласыз.