Конокко барууга болбойт, өспүрүмдөр жалгыз көчөгө чыга албайт. Өзгөчө абал режимине дагы жаңы эрежелер киргизилди?

Бүгүн, 31-март күнү Өкмөт үйүндө ички иштер министринин орун басары, Бишкек шаарынын коменданты Алмазбек Орозалиев өзгөчө абал режиминин жыйынтыгы боюнча маалымат берди.

"Бүгүнкү күндө Бишкек шаарына киргизилген өзгөчө абал режимине карабай, өзүн жана айланасындагыларга коркунуч жаратып, көчөгө чыккан жарандар көп болуп жатат.

Ошого байланыштуу өзгөчө абал режимине кошумча эрежелерди киргизүү тууралуу буйрукка кол коюлду. Буйруктагы айрым эрежелерге токтотоло кетейин:

* Зарыл жумушу жок жеке унаасы менен көчөгө чыгууга;

* Кошуна-колоң, кесиптеш, туугандар менен жолугушууга;

* Үчтөн ашык адамдын чогулуусуна;

* Өспүрүмдөр улуулардын коштоосу жок көчөгө чыгууга тыюу салынат!

Ошондой эле шаардын жашоо ишмердүүлүгүн камсыз кылгандардан тышкары, бардык уюмдар менен ишканалар ишин убактылуу токтотсун", - дейт Орозалиев.

Тектеш кабарлар:
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (5)
aiba.8327
2020-03-31 10:02:47
Фирмалар иштеп эле жатышат го кола Пепси деген.....
-1
BKanietovna
2020-03-31 10:59:12
aiba.8327, оа иштеп ататго а биз кантебиз кочого чыкпа дейсинер а жумуштан иштегиле келгиле дейт ортодо биз Эл кыйналдык .
-2
BKanietovna
2020-03-31 11:00:39
Кимге ?кайсыл Жака кайрылабыз ? Бул суролор боюнча ?
-1
Chungyz
2020-03-31 11:51:12
нан жок
-1
vikidiki
2020-03-31 14:27:12
Буткул Кыргызстан боюнча кылса болмок ! Башка жерлерде ээн Эркин журушот деп угуп атам.
0
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан