Карантин маалында эркиндикти баалап, жашоого үйрөнүү мүмкүнчүлүгү түзүлдү. Мындай пикирди SUPER.KG порталына жактоочу Замир Жоошев билдирди.
Жактоочу учурдагы абалда көп адамдар үчүн өз жашоосун анализдеп, туура жыйынтыктарды чыгаруу мезгили келгенин айтат.
"Жактоочу катары эркиндиктин маанисине көп көңүл буруп келем. Ооба, учурда биздин эркиндигибиз кандайдыр бир деңгээлде чектелүү. Биз изоляцияда отурабыз. Бирок көпчүлүк жарандар өздөрүнүн жайлуу үйлөрүндө отурушат. Биздин жаныбызда жакындарыбыз бар. Ал эми столдун үстүндө тамактын түрлөрү жайнап турат.
А бирок эркиндиги бир ай эмес, андан көп убакытка чектелгендер бар. Андай адамдар абактарда, ыңгайсыз, шарты жок камераларда отурушат. Абактын тамагы даамдуу эмес жана жакындары жанында эмес. Ооба, алардын көбү адилеттүү чечимдин негизинде отурушат. А бирок арасында күнөөсү жок, акыйкатсыздыктын курмандыгы болуп отургандар бар.
Андыктан социалдык тармактарда же башка аянтчаларда бир адамга айып тагып, намысына шек келтирип, ага карата чечим чыгаруудан мурда "Мен ал адамды жакындан билемби? Анын эмнеге эркиндигинин чектелишин каалап жатам?" деп ойлонуу керек. Айтайын дегеним, учурда ар бир жаран эркиндиктин баасын сезип жатса керек. Бул нерсени түшүнгөндөр башкаларга дагы эркиндикте жашоого мүмкүнчүлүк бериши керек. Андыктан ар бирибиз социалдык тармактарда билбеген адамга негизсиз айып тагуудан алыс бололу деп суранып кетер элем.
Учурда баарыбыздын эркиндигибиз чектелүү, бирок убакыт өтө берет экен. Ал эми убакыт деген дүйнөдө кайтарылгыс баалуулук", - деген ою менен бөлүштү жактоочу.