Бул күн коронавирус аныкталгандардын саны боюнча коюлган антирекорд менен эсте калат.
Кыргыз өлкөсүндө дагы 69 адам коронавирус жуктуруп алганы аныкталып, жалпы сан 216га жетти. Эң көбү Оштон. Облустар боюнча алдыңкы сапка да Жалал-Абад эмес, Ош чыкты. Жалпы жонунан өлкөнүн түштүк аймагында коронавирус менен ооруп жаткандардын саны 178 адам.
Мындай кескин көбөйүп кетүүнүн себебин саламаттыкты сактоо министри Сабиржан Абдикаримов өлкөгө ага чейин тартыш болуп жаткан тест-системдер келип, 17-марттан бери тоңдурулуп турган анализдерди текшере башташканы менен түшүндүрдү.
Кыргыз өлкөсүндө коронавирустан дагы 2 киши каза болду. Буга чейин Ноокаттын 2 тургуну бул илдеттен көз жумган.
Ал эми айыккандарга келсек, Кыргыз өлкөсүндө коронавирус менен жабыркаган 1 адам айыкты. Баары биригип 10го жетти. Дагы 23 адам ооруканадан чыгарылары айтылды.
Күн ичиндеги кабарлардын ток этери Кыргыз өлкөсүндө коронавирус аныкталгандан тарта жарыяланууда. 18-март, 19-март, 20-март, 21-мартты, 22-мартты, 23-мартты, 24-мартты, 25-мартты, 26-мартты, 27-мартты, 28-мартты, 29-мартты, 30-мартты, 31-мартты, 1-апрелди, 2-апрелди, 3-апрелди, 4-апрелди, 5-апрелди окугуңуз келсе, ошол күндү басуу аркылуу тиешелүү шилтемеге өтө аласыз.