Кыргыз өлкөсү коронавирустун жайылуу коркунучунан улам бир катар өлкөлөрдүн жарандарынын кирүүсүнө убактылуу чектөө киргизет

Кыргыз өлкөсү коронавирус инфекциясынын жайылуу коркунучуна байланыштуу бир катар өлкөлөрдүн жарандарынын кирүүсүнө убактылуу чектөө киргизет. Бул тууралуу өкмөттө өткөн коронавирус инфекциясынын өлкө аймагына кирүүсүнө жана жайылышына жол бербөө боюнча республикалык штабдын кезектеги жыйынында белгилүү болду.

Өкмөттүн басма сөз кызматынан билдиргендей, мындай чара республикалык штабга Саламаттыкты сактоо министрлиги тарабынан дүйнөдөгү азыркы эпидемиологиялык кырдаалды эске алуу менен сунушталды.

Кытай, Иран, Япония, Түштүк Корея жана Италиянын (тизме дүйнөдөгү эпидемиологиялык кырдаалды эске алуу менен толукталып турат) жарандары үчүн өлкөгө кирүүгө 1-марттан тартып чектөө киргизилет. Бул чектөөлөр көрсөтүлгөн өлкөлөрдүн Кыргыз Республикасына ишке байланыштуу, туризм жана жеке максаттарда келген, дипломатиялык паспортко ээ эмес бардык жарандарына тийиштүү болуп саналат.

Эпидемиологиялык жагдай начарлагандыгына жана Кыргыз Республикасынын аймагына эпидемиологиялык кырдаал начар өлкөлөрдөн жарандардын келүүлөрү уланып жаткандыгына байланыштуу чет элдиктер үчүн кирүүгө тыюу салынууда. Ошондой эле 1-марттан тартып көрсөтүлгөн мамлекеттердин жарандары үчүн Кыргыз Республикасына чакырууларды тариздөө токтотулат. Вице-премьер Алтынай Өмүрбекова белгилегендей, бул дүйнөдө абал ыкчамдык менен өзгөрүп жаткандыгына байланыштуу мажбур болгон убактылуу чара. "Бул чечим кыргыз калкынын коопсуздугун камсыздоо жана саламаттыгын сактоо, коронавирус инфекциясынын жайылышына жол бербөө максаты менен чечмеленет", - деди ал.

Жылдын жыйынтыгы боюнча тармактык мамлекеттик түзүмдөргө бир катар тапшырмалар берилди. Билим берүү жана илим министрлигине республиканын бардык билим берүү мекемелеринде коронавирус, өздүк гигиена эрежелери, сасык тумоо жана курч респиратордук инфекциялардын, анын ичинде коронавирустун алдын алуу боюнча маалыматтык-түшүндүрүү иштерин улантуу тапшырылды. Мындан тышкары бардык жарандарга эл көп чогулган жерлерден мүмкүн болушунча оолак болуу, көп сандагы адамдардын катышуусундагы иш-чараларды өткөрүүнү чектөө сунушталат.

Тектеш кабарлар:
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (4)
Ali-han
2020-02-28 21:37:13
Туура чектөө киргизиш керек!
+3
bond02
2020-02-28 22:43:58
Ээмиби, кеч го.
+5
Bars88
2020-02-28 23:12:02
Бизде коронавирус болбосун.Болуп калса кошуна коронавирус болуп калыптыр коруп коёлу уят барбасак деп атып баарыбызга жугат)))
+4
Paol
2020-02-29 11:04:17
Ушинтип жаптык деп жатып эле анан кытайлар кирип жатышат.Билбейм билбееейм
0
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан