Коронавирус менен күрөшүп жаткан Улуу Британиянын премьер-министри Борис Жонсон ооруканадан чыгарылды. Ал мындан ары дарылануусун резиденцияда улантат деп жазышат чет элдик басылмалар.
Маалыматта айтылгандай, дарыгерлер Борис Жонсонго ден соолугу калыбына келгенче иштебей турууну сунушташкан. Премьер-министр дарыланып чыккан оорукананын кызматкерлерине ыраазычылык билдирерин айткан.
Борис Жонсон 27-мартта коронавирус менен ооруп жатканы маалым болуп, ал өзүнүн резиденциясында
изоляцияда жаткан. Кийинчерээк анын дене табы жогору болуп, жөтөлү кетпей жаткандыктан, Жонсонду дарылап жаткан дарыгердин сунушу менен ооруканага
жаткырылган.