Өлкөдөгү бала бакчалар жана мектептер өзгөчө абал жана өзгөчө кырдаал режими алынгандан кийин гана иштей баштайт. Бул тууралуу вице-премьер-министр Эркин Асрандиев онлайн маалымат жыйыны учурунда билдирди.
"Эгерде эпидемиологиялык кырдаал 1-июнга чейин калыбына келсе, бала бакчалар жана мектептер иштеп баштайт. Эгерде калыбына келбесе, 10-15-июнда же болбосо июль айында иштей башташы мүмкүн", - деди вице-премьер.