"Ухан вирусу": Италияда вирустан каза болгондордун саны 30 миңге жакындады

1-майга карата дүйнө жүзүндө коронавирусту жуктургандардын саны 3 миллион 253 миң 727ге жетсе, каза болгондордун саны 233 миң 257ге жетти.

АКШда вирусту жуктургандардын саны 1 миллион 69 миң 534кө жетсе, 128 миң адам оорудан сакайып чыкты, ал эми 63 миң 538 адам көз жумду.

Испанияда 213 миң 435 адам вирус жуктуруп алса, 112 миң адам илдеттен сакайып ооруканадан чыккан, ал эми каза болгондордун саны 24 миң 543 адамды түздү.

Италияда 205 миң 463 адам вирус жуктуруп, анын ичинен 75 миң 945 адам оорудан сакайып, 27 миң 967 адам көз жумган.

Жогорудагы маалымат АКШдагы Жон Хопкинс атындагы университеттин сайтынан алынды. Аталган булак Саламаттыкты сактоо боюнча дүйнөлүк уюм, коронавирус катталган өлкөлөрдүн Саламаттыкты сактоо министрликтери берген маалыматка таянып, сутка ичинде бир канча ирет жаңылоо менен вирустун тарашы боюнча статистиканы көзөмөл кылып жатат.

Тектеш кабарлар:
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан