Испаниялык журналист түз эфирге чыгам деп эл алдында абийири ачылды. Мындай кызыктуу окуяны чет элдик басылмалар жазып чыгышты.
41 жаштагы журналист Альфонсо Мерлос кесиптештери менен чогуу коронавирус пандемиясына арналган темада түз эфирге чыккан. Эфир өз нугунда баратып, бир маалда күтүлбөгөн жерден Альфонсонун артынан жарым жылаңач айым өтүп кеткен. Мындай нерсе жөн калмак беле, жарым жылаңач айымды кесиптештери гана эмес, көрүүчүлөр да байкашкан. Кызыгы, ал айым Альфонсонун сүйүктүүсү эмес болуп чыккан.
Кесиптештери журналисттин үйүндө жүргөн айымды дароо таанышкан. Ал 27 жаштагы алардын кесиптеши Алексия Ривас болуп чыккан. Альфонсонун мындай ойноштук күткөн жоругу жана изоляцияны бузгандыгы үчүн дарегине көп сындар айтылган.
Ыңгайсыз абалда калган журналист бир нече күн окуя боюнча комментарий бербей жүргөн. Кийинчерээк эл алдында сүйүктүүсү Марта менен 1 апта мурун сүйлөшпөй калышканын жана аны алдабаганын айтып актанган. Ал эми Марта уккан кулагына ишенбей, Альфонсо менен мурунку жолдошунун айынан урушканын жана экөөнүн көрүшпөгөнүнө 4 гана күн болгонун билдирген.