Өзгөчө кырдаал режимин сактоо ар бир Кыргыз жаранынан өзгөчө жоопкерчиликти талап кылат. Бул тууралуу премьер-министр Мухаммедкалый Абылгазиев республикалык ыкчам штабдын жыйынында билдиргенин өкмөттүн басма сөз кызматынан кабарлашты.
Өкмөт башчы буга чейин президент Сооронбай Жээнбеков өз кайрылуусунда республика боюнча өзгөчө кырдаал режимин узартуу тууралуу билдиргенин айтты.
"Айрым аймактарга киргизилген өзгөчө абал режими 10-май күнү саат 24:00дө аяктайт, коменданттык саат жокко чыгарылат. Ал эми 22-мартта кабыл алынган өзгөчө кырдаал режими улана берет. Санитардык-карантиндик посттор эпидемиологиялык кырдаал турукташканга чейин иштей берет. Бир облустан экинчисине өтүү боюнча киргизилген чектөө күчүндө калат, көзөмөл күчөтүлөт.
Ошол эле учурда Бишкек жана Ош шаарларында, Нарын облусунун Ат-Башы районунда жана Жалал-Абад облусундагы Чаткал районунун Каныш-Кыя айыл аймагында эпидемиологиялык кырдаалдын оордугуна байланыштуу карантин киргизилет. Коронавирус пандемиясынын дүйнөгө жайылышына байланыштуу түзүлгөн абал ар бир жарандан өзүнүн ден соолугуна жана өмүрүнө өзгөчө жоопкерчиликтүү болууну талап кылат. Санитардык-гигиеналык эрежелерди жана аралыкты сактоо боюнча эрежелерди так аткаруунун негизинде гана бул инфекцияны жеңебиз", - деди премьер-министр.
Мухаммедкалый Абылгазиев белгилегендей, бүгүнкү күндө көрүлүп жаткан бардык чаралар эң башкысы жарандардын саламаттыгын сактоого багытталган. Ал мекендештер киргизилген чектөөлөрдү түшүнүү жана жоопкерчилик менен кабыл аларына ишеним билдирди.
Министрлер кабинетинин башчысы жакында "Коомдук саламаттыкты сактоо жөнүндө" жана "Жарандык коргоо жөнүндө" мыйзамдарга өзгөртүүлөр киргизилгенин айтты.
Мыйзамга ылайык, эпидемияга каршы жана эпизоотияга каршы атайын комиссиялардын сунушу менен карантинди киргизүү же алып таштоо боюнча чечимди өкмөт, өкмөттүн облустардагы ыйгарым укуктуу өкүлдөрү, мамлекеттик, райондук администрациялардын башчылары, мэрлер, менчик түрүнө карабастан уюмдардын жана ишканалардын жетекчилери кабыл алууга укуктуу болуп саналышат. Бул багытта премьер-министр жергиликтүү бийлик органдарына жогорудагы атайын комиссиялардын ишин активдештирүүнү тапшырды.
"Айрым райондордо эпидемиологиялык абал начарлаган шартта комиссиянын сунушу менен карантиндик режимди киргизүү боюнча чаралар көрүлөт", - деди Мухаммедкалый Абылгазиев.
Мындан тышкары өкмөттүн токтому менен карантиндик чараларды киргизүү жана аны ишке ашыруу тартиби бекитилди. Документке ылайык, эпидемиялык очок толук курчоого алынып, посттор орнотулат жана кайгуул кызматтары иштейт.
Премьер-министр Кыргыз жарандарын өздөрүнүн жана жакындарынын саламаттыгы үчүн санитардык-эпидемиологиялык эрежелерди сактоого, аралыкты карманууга чакырды.