11-майга карата өзгөчө абал киргизилген Бишкек, Ош, Жалал-Абад шаарларынын жана Нарын облусунун Ат-Башы районунун аймактарында коменданттык саат киргизилген убакыттын ичинде ички иштер органдарынын бөлүмдөрүнө 38 жаран жеткирилди.
Бишкек шаары – 36, Ат-Башы району – 2.
Бир сутка ичинде атайын коюлуучу жайга 7 унаа киргизилди.
Ош шаары жана Жалал-Абад шаары боюнча коменданттык сааттын тартибин бузгандар катталган жок.
Жалпысынан алганда 25-марттан баштап бүгүнкү күнгө чейин өлкө аймагында 5 миң 27 жаран коменданттык саатты бузгандыктары үчүн милициянын кайгуул тобу менен кармалды. Анын ичинен 4 миң 462си эркектер, 565и аял киши. Алардын ичинен 3 миң 628 жаранга эскертүү берилип, 1 миң 399 жаранга бузуулар тууралуу протокол түзүлүп, айып салынды.
Ошондой эле, 25-марттан баштап азыркы күнгө чейин коменданттык саатты бузгандыгы үчүн 384 автоунаа атайын токтотуучу жайга киргизилди.