Премьер-министр насыя төлөөнүн шарттары боюнча маселени карап чыгуу керектигин айтты

Бүгүн, 12-майда Жогорку Кеңештин комитет жыйынында депутат Искендер Матраимов карантин айларында насыя алгандардын пайыздык үстөгүн кечүү сунушун айтты.

Улуттук банктын төрагасы Толкунбек Абдыгулов бүгүнкү күнү депозиттер 161 миллиард сом, насыялар 153 миллиард сом экенин айтты. "Насыялардын негизги булагы - бул биздин жарандарыбыздын депозиттери. Депозиттер бул биздин салымчылар, алар акчасын көбөйтөлү же ипотекага акчасын чогулталы деп же башка максаттарга каражаттарын сактап жүргөндөр. Мындан тышкары бүгүнкү күнү 15 миң Кыргыз жарандары иштеп жүрөт. Өзгөчө абал учурунда ар бир күнү 7 миң киши ден соолугун тобокелге салып иштеп жатышты", - деди Абдыгулов.

Премьер-министр Мухаммедкалый Абылгазиев бул жерде эки жак бар экенин эскертти. "Насыя алгандар жана насыя бергендер бар. Улуттук банк менен экономикага жеңилдик берүү боюнча насыя, салыктарды 3 айга жылдыруу чечимин кабыл алып жатканда ушул маселе турган. Бул маселени сиздер көтөрүп жаткансыздар, биз карашыбыз керек. Банк системин чоң зыянга алып келбеген бардык тараптардын кызыкчылыгын эске алган чечим чыгарышыбыз шарт. Уруксат берсеңер сөзсүз түрдө бүт коммерциялык банктар, Кыргыз-Орус фонду сыяктуу фонддор менен сүйлөшөлү. Бул жерде бир жак жапа чекпеши керек. Бир жактын укугун бузуп, зыян келтире турган болсок жалпы экономикага зыяны тиет", - деди Абылгазиев.

Искендер Матраимов насыя төлөөчүлөргө анын мөөнөтүн 3 айга узартып берүүнү сунуштады
Тектеш кабарлар:
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан