Бишкектеги "Орто-Сай" базарында дезинфекциялоо иштери жүргүзүлүп, базар убактылуу жабылары кечээ, 9-июнда маалымдалган. Шаардык мэриянын басма сөз кызматынан базар 3 күнгө карантинге жабыларын кабарлашты.
Вице-мэр Татьяна Кузнецованын токтомуна ылайык, "Орто-Сай" базары 10-июндан 13-июнга чейин убактылуу жабылды. Анда дезинфекция иштери толук жүргүзүлөт деп билдиришти мекемеден.