Түштүк Осетияда коронавирус илдетине чалдыккан бейтаптардын баары айыгып, ооруканадан чыгышты. Бул тууралуу аталган өлкөнүн расмий маалыматтарына таянуу менен дүйнөлүк басылмалар жазышууда.
Учурда Түштүк Осетияда COVID-19 илдети менен жабыркаган бейтаптар жокко эсе. Өлкө ичинде илдетти таратпоо иш-чаралары улантылып жатат деп жазылат маалыматта.
Пандемия башталгандан бери Түштүк Осетияда 85 адамдан коронавирус илдети аныкталган. Каза болгондор катталган эмес. Чет өлкөдөн келген жарандарын карантинге алышкан.
Азыркы учурда Түштүк Осетияда 236 адам медициналык көзөмөлдө турат. Алардын арасында 159у ооруканаларда жайгашкан.
Буга чейин Түштүк Осетия коңшу өлкөлөр менен болгон чек араларын толук жапкан. Мындан сырткары 25-майдан тарта өлкө ичинде коомдук транспорттор ишке киргизилген. Кафе, ресторандар, спорттук объектилер, китепканалар, мейманканалар жана санаторийлер ишмердүүлүктөрүн жанданткан.