Ысык-Көл райондук үй-бүлөлүк медицина борборунун директору, жогорку категориядагы дарыгер Жээнбаева Бүбүайым Жээнбаевна 62 жашында көз жумду. Ал 18-июлда пневмониядан каза болгонун Саламаттыкты сактоо министрлигинен бүгүн, 21-июлда кабарлашты.
Бүбүайым Жээнбаева 1957-жылы 31-октябрда Жумгал районунун Түгөл-Сай айылында туулган.
Кыргыз мамлекеттик медициналык институтунда педиатр адистиги боюнча жогорку билим алган.
1981-1982-жылдары Кыргыз акушердик жана педиатрия илимий-изилдөө институтунда стажировкадан өтүп, андан кийин Ысык-Көл облустук борбордук ооруканасына жөнөтүлүп, ал жерде балдар бөлүмүндө иштей баштаган.
1984-1986-жылдары Ысык-Көл райондук ооруканасынын жугуштуу оорулар бөлүмүнүн башчысы;
1986-2001-жылдары ошол эле оорукананын балдарды жана энени коргоо боюнча башкы дарыгеринин орун басары;
2001-жылдан бүгүнкү күнгө чейин Ысык-Көл райондук үй-бүлөлүк медицина борборунун директору;
Бүбүайым Жээнбаева Ысык-Көл облусунун айылдарында инфраструктураны өркүндөтүүгө жана ФАП жана үй-бүлөлүк дарыгерлер тобу үчүн жаңы имараттардын курулушуна чоң салымын кошту, анын жардамы менен Чырпыкты, Чоң-Сары-Ой, Корумду, Темир, Өрүктү айылдарында дарыканалар ачылды.
Кыргызстан аялдар конгрессинин мүчөсү, эл аралык сертификатталган ВИЧ/СПИД боюнча машыктыруучу.
1998-жылы "Саламаттыкты сактоонун мыкты кызматкери" төш белгиси, 2005-жылы Саламаттыкты сактоо министрлигинин Ардак грамотасы, 2011-жылы Кыргыз Республикасынын "Мамлекеттик Тил", 2013-жылы - Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин Ардак грамотасын алган.
SUPER.KG порталынын эмгек жамааты Бүбүайым Жээнбаеванын мезгилсиз дүйнөдөн кайткандыгына байланыштуу үй-бүлөсүнүн жана жакындарынын аза кайгысын тең бөлүшүп, терең кайгыруу менен көңүл айтат.