Бишкекке Екатеринбургдан 166 Кыргыз жараны кайтып келди

Бүгүн, 12-августта Екатеринбургдан "Урал авиалиния" ААКнын чартердик каттамы менен 166 Кыргыз жараны мекенине кайтып келди. Алардын арасында жаш балдар дагы бар. Бул тууралуу Тышкы иштер министрлигинин маалымат кызматы кабарлады.

"Бул каттам менен Кыргыз өлкөсүнө кайтууга курч муктаждыгы бар жарандар Екатеринбург, Челябинск, Тюмен, Сургут, Магнитогорск, Салехарда Ханты-Мансийск, Жаңы Уренгой, Надым, Курган жана Пермден кайтып келишти.

Жүргүнчүлөрдүн тизмеси Урал федералдык округунун региондорунан жана шаарларынан келген жарандардын жана Кыргыз диаспоралык уюмдарынан келип түшкөн кайрылууларын эске алуу менен түзүлгөн. Ошондой эле көрсөтүлгөн категориядагы адамдарда "Урал авиалиниялар" компаниясынын каттамдарына мурда сатып алынган авиабилеттердин бар экендиги эске алынган. Алар эпидемиологиялык жагдайдан улам ишке ашырылган эмес", - деп жазылат маалыматта.

Тектеш кабарлар:
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан