SUPER.KG порталынын "ЭЛДИК КАБАР" бөлүмүнө Талас облусунун тургуну кайрылып, COVID-19'га каршы эмдөө ыктыярдуу түрдө жүргүзүлбөй жатканын айтып кайрылган.
Жогорудагы маселе боюнча Саламаттыкты сактоо жана социалдык өнүктүрүү министрлигине кайрылганыбызда, төмөнкүлөрдү билдиришти.
"Өлкөдө эмдөө акысыз жана ыктыярдуу түрдө жүргүзүлөт. Эч кимди мажбурлоо болбойт", - деп билдиришти тийиштүү мекемеден.