Коронавирустан каза болгон медкызматкерлердин санынын көптүгү боюнча Мексика алдыңкы сапка чыкты

Мексикада башка өлкөлөргө салыштырмалуу коронавирустан каза болгон медицина кызматкерлеринин саны жогору. Бул тууралуу британиялык эл аралык "Amnesty International" уюмунун изилдөөсүнө таянып, чет элдик басылмалар жазып чыгышты.

Расмий маалыматтарга караганда, дүйнө жүзү боюнча 7 миң саламаттыкты сактоо тармагынын кызматкерлери коронавирустан көз жумган, анын 1 миң 320сы Мексикада катталган.

Коронавирус тастыкталган учурлар жана анын адам өлүмүнө алып келүүсүнүн көптүгү боюнча АКШ, Бразилия жана Индия алдыңкы үчтүктө турат. Үч өлкөдө коронавирусту жуктуруунун 14 миллиондон ашык учуру жана 387 миңге жакын адам өлүмү катталган.

Соңку айларга карата жүргүзүлгөн изилдөөлөргө ылайык, Мексика өкмөтүнүн маалыматына анализ жүргүзгөндө бул өлкөдө саламаттыкты сактоо кызматкерлеринин өлүмүнүн коркунучу АКШга караганда төрт эсе, Бразилияга караганда сегиз эсе жогору экендиги аныкталды.

Мексикада коронавирустун 610 миңден ашуун учуру жана 66 миң өлүм катталды. Мексика өкмөтү ушул аптада жалпысынан 102 миң 494 саламаттыкты сактоо тармагынын кызматкерлери коронавируска чалдыкканын, каза болгондордун саны 1 миң 378ге жеткенин билдирген.

Тектеш кабарлар:
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан