Тажикстанда коронавируска кабылгандардын саны 9 миңден ашты

Акыркы бир сутка ичинде коңшу Тажикстанда 41 адамдан коронавирус инфекциясы аныкталды. Бул тууралуу аталган өлкөнүн Саламаттыкты сактоо министрлиги билдирүү таратты.

Ошол эле учурда 110 адам коронавируска шектелүүдө. Ал эми 43 адам айыгып чыкса, бир бейтап каза болгон.

Муну менен аталган өлкөдө коронавирус менен ооругандардын жалпы саны 9 миң 129 адамга жетти. Анын ичинен 7 миң 896 бейтап айыгып чыкса, 73 адам каза болгон.

Тектеш кабарлар:
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан