Кыргыз-тажик чек арасы боюнча эки өкмөттүк делегациялардын сүйлөшүүлөрү башталды

Баткен облусунда кыргыз-тажик мамлекеттик чек арасын делимитациялоо жана демаркациялоо боюнча өкмөттүк делегациялардын сүйлөшүүлөрү башталды. Бул тууралуу өкмөттүн басма сөз кызматынан билдиришти.

Маалыматка ылайык, Кыргыз Республикасынын делегациясын – Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитетинин төрагасы Камчыбек Ташиев, ал эми Тажикстан Республикасынын делегациясын Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитетинин төрагасы Саймумин Ятимов жетектейт.

Сүйлөшүүлөрдүн жүрүшүндө тараптар түзүлгөн кырдаалды жана кыргыз-тажик мамлекеттик чек арасындагы конфликтти жөнгө салуу боюнча мындан аркы аракеттерди талкуулайт.

"Аталган жолугушууну өткөрүү тууралуу макулдашууга эки өлкө башчыларынын телефондук сүйлөшүүсүнүн жыйынтыгы боюнча жетишилген", - деп айтылат маалыматта.

Тектеш кабарлар:
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (4)
CHingiz90
2021-05-01 16:45:22
##### Баштар 3 кундон бери кайсы созунор калды бутбогон бергиле элге уруксат
+3
Federik
2021-05-01 16:49:38
Суйлошуулор башталды,аскерлерин чыгарып кетмей болду деп эле жаш баладай алданып отура берет экенбизда.Ангыча аткылап кыйла бери кирип келип атышат.Окунучтуусу элибиз олуп жатат.
+3
KGZ-RUS
2021-05-01 16:55:42
Суйлошунор теги бутпой койдуго
+1
Kyrgyz_bloger
2021-05-01 16:59:38
Эми чек араны тактаганда деле тажиктер биз каалагандай чечебиз десе керек
+1
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан