Кыргыз өлкөсү Кытайдан 1 миллион дозадан ашуун вакцина сатып алды

Кыргыз өлкөсү Кытайдан 1 миллион дозадан ашык Синофарм вакцинасын сатып алды. Вакцина жакынкы күндөрү жеткирилет деп кабарлашты министрлер кабинетинен.

"Министрлер кабинети президенттин тапшырмасы боюнча Кытай өкмөтү менен коронавирус инфекциясына каршы Синофарм вакцинасынын 1 миллион 100 миң дозасын жеткирүү тууралуу макулдашты.

Сатып алынган 1 миллион 100 миң вакцина жакынкы күндөрү атайын чартердик каттам аркылуу жеткирилет. Ушул эле борт менен Кытайдан акысыз негизде берилген Синофарм вакцинасынын 150 миң дозасы да алып келинет.

Мындай кадам өлкө тургундарын вакцинациялоо темпин тездетүүгө жана COVID-19 дарты менен ооругандардын жана андан каза болгондордун санын кыскартууга мүмкүндүк берет. Республикага вакцинанын жеткирилиши жана калкты вакцинациялоо маселеси министрлер кабинетинин төрагасы Улукбек Мариповдун жеке көзөмөлүндө", - дешти мекемеден.

Тектеш кабарлар:
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан