Бүгүн, 11-майда Төмөнкү-Нооруз айылындагы №50-абактан качкан кылмышкерлердин иши боюнча соттук кароо Свердлов райондук сотунда улантылып, ал судья Санжар Чотоновдун кароосунда өтүүдө.
Кылмышкерлердин колунан каза тапкан кызматкер Жумгалбек Садыбакасовдун тууганы өз агасынын жансыз денесин өлүкканадан көргөнүн билдирди. Ошондой эле ал өз сөзүндө агасынын моюну сынып, башы шишик, денесинин баары көк ала болгонун кошумчалады. Ал Ж.Садыбакасов ЖАМКтан сырткары Бишкектеги соода борборлорунун биринде кароолчу болуп да иштеп жүргөнүн айтты.
Абактан качып кеткендердин бири Эдил Абдрахманов өз жактоочусунан баш тарткандыгына байланыштуу ага жаңы жактоочу дайындалды. Соттук кароонун жүрүшүндө айыптоочу журналисттердин катышуусуна тыюу салуу сунушун киргизди.
Эске салсак, 12-октябрга караган түнү Төмөнкү-Нооруз айылында жайгашкан №50-абактан жалпы 9 адам качып чыккан. Абактан качкан кылмышкерлердин колунан Жаза аткаруу мамлекеттик кызматынын кызматкерлери Таалайбек Өмүрзаков, Туратбек Садыбакасов, Орозбек уулу Фархат ошол күнү каза болушса, оор жаракат алган Тилек Абылгазиев ооруканада өзүнө келбей жатып жан берген.
Качып чыккан кылмышкерлердин бешөөсү ошол эле түнү МАИ кызматкерлери тарабынан колго түшүрүлгөн. Кармалгандардын арасынан үч кылмышкер: Муратбек Жумалиев, Таалайбек Жуманов жана Бакыт Кенжегулов жүрөк оорусу, дем алуу органдарынын жабыркашынан жана баш сөөгүнөн алган жаракатынан түрмөдө каза болушту. Качып чыгып издөөдө жүргөн Данияр Кадыралиев Дордой конушунда 16-октябрда, 28 жаштагы Азамат Мусуралиев 20-октябрда Сокулукта өлтүрүлгөн. Издөөдө жүргөн кылмышкерлердин бири Эдил Абдрахмановду 22-октябрда кармоо учурунда анын бутуна ок тийген эле. Ага Чүй облустук ооруканасында операция жасалды. 22-октябрда Алтынбек Итибаевди Достук кичи районундагы №8-Б көп батирлүү үч кабаттуу үйдө кармоо операциясынын жүрүшүндө ал курал колдонуп каршылык көрсөткөн. Ок атышуу болуп, А.Итибаев өлтүрүлгөн.