ЖЫЛНААМА, 7-ИЮЛЬ: "Мыкты жигиттердин" бири Ким Сан Бом 27 жашка толду

Бүгүн, 7-июлда белгилүү түштүк кореялык актёр Ким Сан Бом 27 жашка толду. Ал "Турмушка чыккысы келген айым", "Түш", "Бейиштен Чыгышка карай", "Олуттуу айымдар" жана башка тасмаларга тартылган.

Актёр тууралуу күйөрман кыздары "эң келишимдүү корей актёрлорунун бири" дешсе, журналисттер "кино иштерманы" деп аташат. Апасы болсо боюнда бар кезинде эле таланттуу, келишимдүү перзенттүү болорун сезгенин айтып, "жүзүндөгү жылмаюу менен төрөлгөн наристе" деп басылмаларга берген маектеринде билдирген. Жаш жигитке дүйнөлүк ийгилик "Мыкты жигиттер" телесериалы экранга чыккан соң жылмайган.

Жылмаюусу менен көпчүлүк кыздардын жүрөгүн багынткан актёрдун жеке жашоосу тууралуу интернет ааламында маалыматтар аз кездешет. Бирок журналисттер Ким Бом 2013-жылы "Күз жомогу" тасмасы аркылуу белгилүү болгон актриса Мун Гын Ён менен сүйүү мамилеси бар деп жазып чыгышкан.

Жадакалса сүйүшкөндөр Европа өлкөлөрүн кыдырып, саякатка чыгышкан. Бирок түгөйлөрдүн сүйүү романы болгону 7 айга созулган.

7-июлдун жылнаамасы.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (8)
Zarlyk.322
2016-07-07 18:13:15
Эмнеси мыкты жигит мунун
+5
Mahabbat
2016-07-07 18:20:40
Ушу корей жигиттеринин кыздарга окшоп гул которуп суротко тушуп, бети башын жылтыратып крем, маз суйконуп, памада койгону, сигарет шымдарды чапташтырып кийгени, жыртайыыып куло бергендери вапше жакпайт
+2
Kani1994
2016-07-07 18:21:52
о КУТТУКТАЙМ сонун актер да!
-2
Kunbeken
2016-07-07 19:00:49
кут болсун!
-1
Futuro
2016-07-07 21:24:41
Бул эмне болгон мыкты жигит?
Мекенин коргоп дзотко төшүн тозуптурбу?
Жэ олимпиадага катышып алтын медал алыптырбы?
Катуу чүчкүрсөм качат бул коркуп.
+1
ruslanz
2016-07-07 22:24:45
Накта эркек деп айтыш кыйын. Транс. го.
+1
Sajakat14
2016-07-08 03:11:44
Баары кыздарга окшош экен!
+1
s5kgbal
2016-07-08 21:52:45
Кебетелерин журокту айлантып беттери меникинен да ак го
0
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан