Бүгүн, 29-августта "Кышкы соната" сериалына тартылып, экранга чыккандан кийин бүт Азияга таанылып, атак-даңкка бөлөнгөн түштүк кореялык актёр Пэ Ён Жун 44 жашка толду. Ал Сеул шаарында туулган. Сонгюнгван университетинин сүрөт искусствосу факультетин бүтүргөн.
Кыздардын сүйүктүү актёру Пэ Ён Жун 2015-жылдын 27-июлунда сүйүктүүсү модель, актриса Пак Су Чжинге баш кошкон. Атактуулардын үйлөнүү тою жакын туугандарынын, санаалаштарынын гана курчоосунда өткөн. Бүткүл дүйнөгө белгилүү жылдыздын үлпөт тоюна жадакалса журналисттер да кире алышкан эмес. Алар алыстан гана тойду тартып алууга аргасыз болушкан.
29-августтун жылнаамасы.