Орусияда "Мигрант" рейди 25-декабрга чейин уланат. Бул тууралуу Орусиядагы Кыргыз Республикасынын элчилигинин басма сөз катчысы Гүлбарчын Байымбетова SUPER.KG порталына бүгүн, 12-декабрда билдирди.
Москва шаарынын мэри Сергей Собянин Кыргыз өлкөсүнөн барган мигранттар бийликтин көйгөйү экенин айткандан кийин элчилик Сергей Собяниндин билдирүүсүнө "абийирсиз жумуш берүүчүлөр кыргыз мигранттарын "мыйзамсыз" макамына ээ кылышууда" деген жооп кайтарган. Москва мэринин сөзүнөн көп өтпөй кыргыз мигранттары катуу кысымга кабылышканын Орусиядагы мекендештер айтышууда. Мындан улам Орусиядагы Кыргыз Республикасынын элчилигине кыргыз мигранттары арыз-муңун айтканы 9-декабрда чогулушкан. Чогулган жарандардын айрымдары полиция кызматкерлери тарабынан кармалып, коё берилгени маалым.
"Бул маселе боюнча жакын арада Орусиянын Ички иштер министрлигине караштуу Миграция боюнча башкы башкармалыктын жетекчилиги менен жолугушууну уюштуруу аракетин көрүп жатабыз. Азыр Москвада Кыргыз Республикасынын Миграция кызматынын өкүлчүлүгү иштеп баштады. Алар да жолугушууну көздөп жатышат", - деди Байымбетова.
Редакциябызга арыз-муңун айтып кайрылган Орусиядагы мекендештердин саны күндөн-күнгө өсүүдө. Кээ биринин жакындары учурда чет өлкөлүктөрдү убактылуу кармоочу атайын жайда (СУВСИГ) экенин билдиришкен.
"Бизге да мындай маселелер менен кайрылгандар абдан көп. Биз кат жазып кайрылганыбызда, "Мигрант" деген рейд жүрүп жатканын, 25-декабрда гана аяктаарын билдиришти. "Каттоодон өткөнбүз" деген жарандардын кээ биринин документтери жасалма болуп калат же эмгек келишим жок болуп калат. Бул жерде биздин мигранттар эмес, жумуш берүүчүлөр да күнөөлүү. Салыктан качып эмгек келишимин түзүшпөйт. Жарандарга өздөрүнүн укуктарын билип, эмгек келишими менен иштөөнү сунуштайбыз, алар "Андай жумушту кайдан табабыз?" дешет", - деди катчы.
Ошондой эле катчы документтери жайында болгон жарандар өз убагында бошотулуп жатканын кошумчалады. Орусиянын аймагында мыйзамсыз жүрүп, чет өлкөлүктөрдү убактылуу кармоочу атайын жайга түшкөн жарандар боюнча элчиликке ал жактагы кызматкерлер кат жазып, өз кезегинде элчиликтин кызматкерлери тиешелүү документтерин чогултуп, жарандарды Кыргыз өлкөсүнө жөнөтөт.
"Рейд дагы башка эрежелер чыгып, уланышы мүмкүн. Андыктан элчилик бул маселени чечүү тууралуу сүйлөшүүлөрдү жүргүзүп жатат", - деди Гүлбарчын Байымбетова.
Учурда Москвада кармалган мигранттар Сахарово айылындагы чет өлкөлүктөрдү убактылуу кармоочу атайын жайда. Өткөн жумада алардын саны 92ге жеткен. 45 жарандын документтери туура эмес, 47 мигранттын документтери жок.