2016-жыл эмнеси менен эсиңизде калды? "Соңку кабар" "ТОП 20" кабарды иргеп, артка кайрылат

SUPER.KG порталынын "Соңку кабар" бөлүмүнө узап кеткен 2016-жылы 17 миңден ашуун кабар жазылган. Жаңы бышкан ысык нандай ыкчам жаңылыктар коомчулукка өз убагында таратылып, аларды жеткирип гана тим болбостон, элге оң пайдасы тие тургандай жыйынтыкта жазуу - калемгерлерибиздин башкы милдети. Жыл тогошуп кетсе дагы бүгүнкү күнгө чейин элдин эсинде сакталып, учурунда эң көп каралып жана талкууга алынган алдынкы 20 окуяны эсиңиздерге салабыз.

1. "Рио-2016": Колдон жулунган коло медаль, байге үчүн багын сынаган 19 спортчу (спортчулардын көрсөткүчтөрү+фото)

Рио-де-Жанейродо өткөн Олимпиадага 2016-жылы кыргыз спортчуларынан 19у барып катышканы маалым. Олимпиада соңуна чыкканча бүтүндөй кыргыз тикесинен тик туруп, сыналгыдан жылбай спортчуларыбызга колдоо көрсөтүп турду. Сүйүндүргөн учурлардын соңу күйүндүрүп, колго тийген колобузду жулдуруп, жеңишке бир кадам жетпей калган спортчуларыбыздын аракетин эстегенибизде эмдигиче ичибиз тызылдап кетери бышык. Мына ушундай сюжетти камтыган "Рио-2016" Олимпиадасы боюнча жыйынтык өткөн жылдагы эң көп окулган жана талкуу жараткан кабарлардын башында турат.

2. КЫРГЫЗ-ӨЗБЕК ЧЕК АРАСЫ. 19-МАРТ: Кыргыз тарап дагы Аксыдагы чек арага 2 БТР койду

Өлкөдө чек ара маселеси чечилбей келе жаткан көйгөйлөрдүн бири экенин бул темадагы кабарлар көп окулганынан улам деле боолголосо болот. Дегеним, чек ара маселесине байланышкан окуя тууралуу маалыматтар башка көйгөйлөргө салыштырмалуу көп окулуп, талкууга алынып, атүгүл колдонуучулар кызыл чеке болуп урушуп кеткен учурлар болот.

Эске сала кетсек, 2016-жылдын 18-мартында саат 07:40 чамасында Жалал-Абад облусунун Ала-Бука районундагы Могол жергесиндеги чек аранын такталбаган аймагына Өзбекстандын аскерлери 2 сооттранспортёр жана 2 КамАЗ үлгүсүндөгү унааны коюшкан. Өзбекстан тарап мындай аракетин "Нооруз майрамына карата чек араны бекемдөө, терроризмдин алдын алуу" деп түшүндүрүп, бирок кыргыздардын аймагына кирип алышкан. Эки өлкөнүн чек ара боюнча кызматтары сүйлөшүүлөргө барып, маселе жыйынтык берген эмес. Мындан улам эртеси Кыргыз тарап дагы аскер транспортторун жоокерлери менен коюп, тымызын тирешүү көп убакытка чейин созулган.

3. Айчүрөк Иманалиева: "Мен бул чыгарманы Гүлнурдан мурун ырдап чыктым"

Чек ара, саясат же кылмыш-кырсыкка байланышкан окуялардын окумдуулугу жогору деген адамдар жаңылышат. Кыргыз шоу дүйнөсү, маданиятынын өзүнчө тармак катары коомдогу орду чоң мааниге ээ. Анткени адам баласы адабият, ыр-бий, музыка, сүрөт, ажайып чыгармалар аркылуу руханий азык алары талашсыз. Кароолор жана талкуулар боюнча 3-катарда турган кыргыз эстрадасынын алптары Айчүрөк Иманалиева менен Гүлнур Сатылганованын "ыр талаш" окуясы да күйөрмандарын эки жээкке бөлгөнүн тана албайбыз.

4. Роза Отунбаева Алмазбек Атамбаев сүйлөп жатканда аянттан кетип калды

2016-жылдын 31-августу. "Ала-Тоо" аянты. Бишкек шаарында өлкөнүн Эгемендүүлүк майрамын белгилөөчү башкы мааракеде президент Алмазбек Атамбаев бир топ саясий ишмерлер менен секиге куттуктоо сөзүн сүйлөө үчүн чыккан. Анда Атамбаев экс-президент Роза Отунбаевага карата кандай кептерди айтып, жыйынтыгында анын аянттан кетип калышына эмне себеп болгонун шилтеме аркылуу кирип эске салып алсаңыз болот.

5. Москвадагы өрт: Кыргыз жарандарынын өмүрүн алган өрткө күбө болгон мекендеш окуянын чоо-жайын айтып берди (окуя болгон жерден кадрлар)

2016-жылдын 27-августунда Москва шаарынын түндүк-чыгыш тарабындагы Алтуфьев шоссесинде жайгашкан басмаканадан чыккан өрттөн 17 Кыргыз жараны каза тапты. Бул окуя коомчулукту катуу силкинтип, 17 кыргыз үй-бүлөсүн мүңкүрөтүп, өкүткө салып койду. Бул окуяга байланышкан окуянын баарын окурмандар активдүү түрдө окуп, жарандык пикирлерин талкууларда билдирип жатышты.

6. Жанар Акаев: "Чубак ажы Жалилов өзүн Кудайдан кийинки эле адам сезе баштаган экен"

Жума күнкү тыныгууну 1 саатка созуу боюнча мыйзам долбооруна каршы добуш берген Жогорку Кеңештин дептутаттарына карата мурдагы муфтий Чубак Жалиловдун видеобилдирүүсү коомчулукта талкуу жаратканы - эске салчу окуя. Депутат Жанар Акаев бул окуянын башкы каармандарынын бири. Депутат менен ажынын бул маселе боюнча айтышуусу коомдо көңүл бурдуртуп, динден жана саясаттан кабары бары деле, жогу деле пикирин билдирип калууга жетишип, окуяны жиликтеп жатып калдык.

7. SUPER.KG'де президенттик шайлоого байланыштуу сурамжылоо жүрүүдө

Быйыл Алмазбек Атамбаевдин президенттик мөөнөтү аяктайт. SUPER.KG порталы мындай мамлекеттик маанилүү окуя боюнча сурамжылоо жүргүзүүнү 2016-жылдын октябрь айынан тарта эле баштаган. Бул сурамжылоо ар 2 апта сайын жаңыланып, тизмеге эл суранган жана шайлоого катышам деген саясатчылардын аттары кошулуп, аз пайыз топтогондор четтетилип турат. Сурамжылоо бүгүнкү күндө да популярдуу. "ШАЙЛОО-2017" рубрикасына азыр деле кирип добушуңузду таштасаңыз болот.

8. Саммит-2016: Бийлик 6 президент келет деп 6 миллион элдин кызыкчылыгын унутта калтырды, атайын Путин үчүн куураган арча жашыл түскө боёлду

2016-жылдын 16-17-сентябрь күндөрү Бишкек шаарында КМШ өлкөлөрүнүн саммити өттү. Мындай эл аралык маанидеги иш-чараны өткөрүүнүн күнгөй-тескейин чагылдырган макала-кабарлар бардык ЖМКларда жазылып, айтылып жатты. SUPER.KG порталынын бул тууралуу жазган материалы да көптөгөн талкууларды жаратып, бир нече социалдык тармактар аркылуу интернет талаасын аралады.

9. SUPER.KG порталынын 10 жылдыгына карата уюштурулган сынактын шарттары жазылган кабар

SUPER.KG порталы өткөн жылы 10 жылдык мааракесин белгилеп, бир катар маданий иш-чараларды өткөрдү. Алардын ичине кыргыз шоу дүйнөсүнүн өкүлдөрү катышкан жогорку деңгээлдеги концерт, "Тамашоудогу" SUPER.KG'нин кубогу, социалдык тармактардагы ар түрдүү оюндар жана өзүбүздүн порталдагы видеосынакты кошсок болот. Колдонуучулар SUPER.KG'нин 10 жылдыгына арнап видеокуттуктоо жөнөтүп, жыйынтыгында алдынкы 3 катышуучу жеңүүчү деп табылды. Редакция тарабынан 3-орунга смартфон, 2-орунга планшет, 1-орунга ноутбук ыйгарылган.

10. Жалпыга маалымдоо каражаттары Өзбекстандын президенти Ислам Каримовдун өлүмү тууралуу жазышууда

Мындай маалыматтты алгачкылардан болуп 29-августта "Фергана" басылмасы жазып таратты. КМШ өлкөлөрүнүн, андан сырткары дүйнөнүн айрым маалымат булактары бул кабарды чагылгандай таратты. Өзбек бийлиги мындай дүбүрткө маани бербөөгө аракет жасап, президенттин өлүмү тууралуу маалыматтарды четке кагып жатты. Өлкөдө Эгемендүүлүк майрамы белгиленген соң, тактап айтканда, 2-сентябрда коңшу мамлекеттин өкмөтү туңгуч президенти Ислам Каримовдун каза болгондугун расмий түрдө тастыктап, маалымат беришти.

11. Жеңишбек Айтиевдин уулунун өлүмүнө шектелген жаран: "Кошунамдын баласы тамагыма уу салганы келе жаткан экен, бычакты алып сайып жибердим"

Ырчы жана куудул Жеңишбек Айтиевдин үй-бүлөсүндө узап кеткен жылы оор жоготуу болду. Чырпыктай болуп жетилип келе жаткан 12 жашар уулун 22 жаштагы Ош облусунун тургуну сайып өлтүрүүгө шектелип кармалды. Бул жарандын үстүнөн адам өлтүрүү фактысы боюнча кылмыш иши козголуп, учурда бул боюнча Ош шаардык соту иш алып барып жаткандыгы белгилүү болду.

12. Кайрат Примбердиев "Голос" теледолбоорунун жеңүүчүсү болууга 2 кадам жетпей калды

Узаган жылда кыргыз элин сүйүнткөн маданият жаатындагы окуялар көп болду десек жаңылышпайбыз. Өлкөнүн сыймыгы болгон Кайрат Примбердиев Орусиянын "Биринчи каналындагы" "Голос" теледолбоорунун жогорку баскычтарына чейин жетти. Ар берүүсү сайын Кайратты колдогон мекендештердин саны арбып, интернет айдыңында алкагандар көп болду. SUPER.KG порталы да окурмандарын артта калтырбай, К.Примбердиевдин ийгиликтери тууралуу байма-бай жазып жатты.

13. Жанар Акаев Атамбаевдин аны "балашка" деп кемсинткенине жооп берди: "Падышалар жолду эч качан көрүшпөйт..."

Президент Алмазбек Атамбаевдин кагаз карабай сүйлөгөн сөздөрү көп учурда сынга кабылып же талкуу жаратат. Анын сөздөрү калк арасында лакапка айланып да кеткен учурлар бар. SUPER.KG порталында эң көп каралган кабарлардын катарында анын милиция кызматкерлеринин жубайларына "күйөөңөрдөн чайды аябагыла, беркисин айтпай эле коёюн эми" деген цитаталуу речи да бар. Муну ар ким өз түшүнүгү боюнча сыпаттап, талкуулап бүтпөй жатышты.

4-ноябрда өлкө башчы Алмазбек Атамбаев журналисттерди куттуктап жатып "Жанар Акаев деген жаш балабыз айтыптыр, Акаев, Бакиевдин эмне залакасы бар деп. Ал “балашка” билбейт го. Анткени анын шайлоодо да каражатын биз көтөрүп бергенбиз" деген сөзүнө карата депутаттын жообу калк арасын тез эле жойлоп кеткен.

14. Кыргыз футболчулары Казакстанды 2:0 эсебинде утушту

Узап кеткен жылы Кыргыз жергесинде футбол боюнча бир нече мелдештер өттү. Бул жаатта SUPER.KG порталы футбол күйөрмандарын артта калтырбай оюндун жүрүшүн онлайн түрүндө баяндап жатты. Казак боордоштор менен болгон жолдоштук оюн, Дүйшөмбү шаарындагы Дүйнө чемпиондугунун тандоо турунда Тажикстан курама командасы менен улуттук курамдын беттеши сыяктуу оюндар көп талкууга алынган болуп саналды.

15. Президент Алмазбек Атамбаевдин гитара менен ырдаган "Судьбе назло" ыры интернетке чыкты

Президент Алмазбек Атамбаевдин ырдап чыгышын көпчүлүк күткөн эмес. Анын алгачкы "Судьбе назло" ыры коомчулук тарабынан кызуу талкууланып, президенттин өнөрүнө алкыш айткандар да, сындагандар да чыкты. Эмне үчүн ырдап чыкканын ажо 2016-жылдын август айында Чолпон-Атада журналисттер менен жолугушууда айтып берди. Айтымында, ырдоо идеясы башка өлкөгө иш сапары менен учакта баратканда жаралган. "Биз бараткан учак эски болчу, тобокелге салып баратканбыз. "Кокус кырсык болуп кетсе..." деп ойлонот экенсиң. "Артымда ырларым калсын, балким, арасында элге жакканы болор" деген ой келди", - деди Атамбаев.

16. Үңкүр-Тоодо иштеген 4 Кыргыз жаранын Өзбекстандын милициясы кармап кетти

Чек ара маселесинен улам келип чыккан Үңкүр-Тоо боюнча чуу бул маалыматтан кабары бар бардык жарандарды тынчсыздандырды. 2016-жылдын жаз айларында мына ушул маселе эки өлкө ортосунда курч бойдон сакталып турду. Окуя оң жагына чечилип, Өзбекстан тарап кармап кеткен 4 Кыргыз жараны бошотулганча окуяны чагылдырган кабарлар көп окулган маалыматтардын сап башынан түшпөй турду.

17. Атамбаевди эс-учу жок абалда "Тез жардам" кызматы алып кеткен видео интернетке чыкты

Президент Алмазбек Атамбаев БУУнун Башкы ассамблеясынын 71-сессиясына баратып ден соолугу начарлап, президенттик учак Түркияга конууга аргасыз болгон. Өлкө жетекчиси бир топ күн Түркияда болуп, дарылануусун Орусиядан улантты. Бул учур депутат Өмүрбек Текебаев президент үй салып жаткан Кой-Таш айылындагы жер тилкеси убагында Бакиевдерге тийиштүү болгонун айтып чыгып, буга байланыштуу президентке коомдо сын-пикир жаап турган учур болчу. Ошондуктан президенттин ооруп калышын ушул окуя менен байланыштырып, "бийлик элдин көңүлүн негизги окуядан башкага буруу аракетин кылып жатат" деп жоромолдогондор чыкты. Президент өлкөдө №1-саясий кызматкер болгондуктан, бул кабар көпчүлүктү кайдыгер калтырган жок. Ажого ден соолук тилегендер да көп болду.

18. “Супер сулуу” сынагы кайрадан старт алды! Жеңүүчү Бали аралына жолдомого ээ болот

Ар жыл сайын "Супер-Инфо" гезити кыргыздын сулуу кыздары арасында сынак өткөрүп, арасынан жеңип чыкканын экзотикалык өлкөлөрдүн бирине эс алууга жиберип келет. "Супер сулуу-2016" сынагы старт алгандыгы тууралуу кабардын көп окулган кабарлардын катарына кириши бул жаатка кызыгуу көп экендигинен жана сынактын популярдуулугунан кабар берет. Сынак жарыялангандан тарта катышууну каалагандардын саны арбын болду. Кастингден 16 кыз финалга чыгып, алардын арасынан Бактыгүл Орозбаева "Супер сулуу-2016" наамын жеңип, Бали аралына жолдомо утуп алды.

19. Метродо рельстерге кулаган аялды куткарууга жардам берген Марат Исаев Путинден медаль алды

Марат Исаевди "Жылдын сыймыгы" деп атоого болот. Орусиянын бардык аймагында турмуш-тиричиликтин айынан иш издеп барган эмгек мигранттарыбыз өтө эле көп. Аларга, албетте, бөлөк эл, бөтөн жерде жүрүү оңой эмес. Түрткүнчүк болуп, кемсинип, бир тепкич ылдый жүргөн мигранттарыбызга Марат Исаевден кийин орус туугандар аз да болсо ишеним артып калды десек жарашат.

20. "Государство төлөп берет" деген чуулуу сөздүн автору 2000 сом айып пул төлөөгө макул болду (фото)

Семичке чагып коомчулуктун сынына кабылган Акшоола Болотова аттуу кыздын "государство төлөп берет" деген сөзү эмне деген гана мемдерде колдонулган жок... Шаардагы сейил бактардын биринде жерге семичкенин кабыгын таштаган бейбаш кыздар өлкөгө атагы чыгып, "Бишкектин каарманы" аталганы эсиңиздедир...

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (2)
Marat-m
2017-01-13 17:32:10
Мискенбайды унутуп калыпсынар
+1
abusait
2017-01-13 18:13:27
Азиямиксда унутта калбайттыр.
0
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан