Текебаев: "Сот ачык өтсүн, бизди каралаган жалган күбөлөрдүн жүзүн эл көрсүн"

Бишкекте депутат Өмүрбек Текебаевдин иши боюнча сот отуруму башталды. Анда Текебаев: "Сот ачык болушу керек. Бир нече айдан бери мамлекеттик ММКлардан бизди каралап жатышат. Ошол бизге каршы көрсөтмө бергендер эл алдында да ачык көрсөтмө беришсин. Алардын ким экенин эл билсин. Эртең тойдобу, батадабы, эл аларды көрүп акмак экенсиң деп айтат. Бийлик ушундан коркуп сотту жабык өткөрүүнү айтып жатат", - деди.

Сот жыйынына Текебаевдин жубайы, балдары да катышууда.

Соттук отурумга сот Айбек Эрнис уулу төрагалык кылууда.

Эскерте кетсек, 2017-жылдын 25-февралында Кыргыз Республикасынын Башкы Прокуратурасы тарабынан "Ата Мекен" фракциясынын лидери Өмүрбек Текебаевге "коррупция" жана "алдамчылык" беренелери боюнча кылмыш иши козголуп, ошол эле күнү УКМКнын Тергөө башкармалыгына өткөрүлүп берилген. 26-февралда козголгон кылмыш ишинин алкагында Текебаев менен Чотонов камалган. 27-февралда Өмүрбек Текебаевди жана Дүйшөнкул Чотоновду Бишкек шаардык Биринчи Май райондук соту 25-апрелге чейин камакка алуу чечимин чыгарып, чечимди кийин Бишкек шаардык соту күчүндө калтырган. УКМК "тергөө бүтө элек" деп Текебаевдин мындан кийинки баш коргоо чарасын аныктоо боюнча сотко кайрылып, 21-апрелде Биринчи Май райондук соту депутатты 25-майга чейин камакта кармоо чечимин чыгарганы белгилүү. Ал эми 16-майда УКМК депутат Текебаевге ачылган кылмыш ишин тергеп бүтүп Башкы прокуратурага кароого жиберген. Башкы прокуратура материалдарды сотко жөнөткөн.

Депутат Өмүрбек Текебаев менен Дүйшөн Чотоновдун соту 05.06.17
Депутат Өмүрбек Текебаев менен Дүйшөн Чотоновдун соту 05.06.17 (2)
Ө.Текебаев сот отурумунда өз укуктары тууралуу сотко суроо салды
Өмүрбек Текебаев сот отурумун кыргыз тилинде өткөрүүнү талап кылды
Өмүрбек Текебаев: "Укугум чектелип, темир тордо отурам"
Тектеш кабарлар:
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан