Бириккен Араб Эмираттарында өтүп жаткан Азия Кубогунун тайпалык баскычынын 2-туру жыйынтыкталды. Тайпалык этаптын жыйынтыкталышына 1 тур калганда плей-офф баскычына катышууга мүмкүнчүлүк берүүчү 16 жолдомонун 9у өз ээлерин тапты. Иордания, Кытай, Түштүк Корея, Иран, Ирак, Катар, Сауд Арабиясы, Өзбекстан жана Япония өлкөлөрү 3-турдун жыйынтыгынан көз карандысыз мелдештин жарым чейрек финалында ойношот. Калган 15 команданын ичинен мыкты 7 команда тандалып алынып, жалпы 16 команда плей-офф баскычына өтүү үчүн ат салышат. Тактап айтканда, тайпадан 1-2-орунду алган 12 курама жана 3-орунду камсыздаган 4 мыкты команда чейрек финалга чыгуу үчүн күрөшөт.
А тайпасы
Бириккен Араб Эмираттары - 4 упай;
Индия - 3 упай;
Таиланд - 3 упай;
Бахрейн - 1 упай.
Талаа ээлери Индия курамасын 2:0 эсебинде жеңип, 4 упай чогултса, Таиланд өлкөсү Бахрейнди жеңип, 3 упайга ээ болду.
В тайпасы
Иордания - 6 упай;
Австралия - 3 упай;
Сирия - 1 упай;
Палестина - 1 упай.
"В" тайпасында Иордания өлкөсү 2:0 эсеби менен Сирияны жеңип, жалпы 6 упайга ээ болуп плей-офф баскычына өттү. Ал эми өткөн турда жеңүлүү ызасын тартып калган Австралия курамасы Палестинаны 3:0 эсебинде ири айырмачылык менен жеңип алды.
С тайпасы
Кытай - 6 упай;
Түштүк Корея - 6 упай;
Кыргыз өлкөсү - 0 упай;
Филиппин - 0 упай;
"С" тайпасында Кыргыз курама командасы кайрадан жеңилүү ызасын тартып калды. "Ак шумкарлардын" Түштүк Корея менен беттеши 0:1 эсебинде жыйынтыкталды. Ал эми Кытай менен Филиппиндин беттеши ири эсепте коңшу өлкөнүн пайдасына жыйынтыкталып, натыйжада голдордун айырмачылыгын эске алуу менен Кыргыз өлкөсү 3-орунду сактап калса, Филиппин 4-орунда жайгашты. 3-турда Кытай менен Түштүк Корея тайпанын лидерин аныкташса, Кыргыз өлкөсү менен Филиппиндин беттешинде 3-орундун тагдыры чечилет. Улуттук курама команданын бир да упай топтой элегине карабай Филиппин өлкөсүн жеңсе, жарым чейрек финалга өтүүгө толук мүмкүнчүлүк пайда болот.
D тайпасы
Иран - 6 упай;
Ирак - 6 упай;
Вьетнам - 0 упай;
Йемен - 0 упай.
"D" тайпасынын өкүлдөрү Иран жана Ирак өлкөлөрү плей-офф баскычына өтүү тапшырмасын аткарышты. Эми өз ара беттеште тайпадан кимиси 1-орун менен чыга тургандыгын аныкташат. 2-турда Иран курамасы Вьетнамды 2:0, Ирак курамасы Йеменди 3:0 эсебинде утуп алды. Йемен жана Вьетнам курамалары 3-турда тайпадагы үчүнчү орун аркылуу кийинки этапка өтүү мүмкүнчүлүгүн талашышат.
Е тайпасы
Катар - 6 упай;
Сауд Арабиясы - 6 упай;
Ливан - 0 упай;
Түндүк Корея - 0 упай
2-турдагы эң ири жеңишке Катар өлкөсү Түндүк Кореянын үстүнөн жетишти. Алгачкы турда 4 жоопсуз голду өз дарбазасына өткөрүп алган түндүк кореялыктар катарлыктардан 6 гол өткөрүп, бир да жолу жооп кайтара алышкан жок. Ал эми Иран менен Ливандын беттеши 2:0 эсебинде жыйынтыкталып, голдордун санына жараша Ливан 3-орунга жайгашты.
F тайпасы
Өзбекстан - 6 упай;
Япония - 6 упай;
Оман - 0 упай;
Түркмөнстан - 0 упай.
F тайпасында бет келген коңшу өлкөлөрдүн оюну 4:0 эсебинде Өзбекстандын пайдасына чечилди. Ири эсепте жеңилүүгө дуушар болгон Түркмөнстан курамасы тайпада 4-орунга түшүп калса, Япониядан 1:0гө жеңилген омандыктар 3-орунга көтөрүлүштү. Жыйынтыктоочу турда Өзбекстан-Япон курамалары беттешсе, Түркмөнстан-Оман беттешинде 3-орундун ээси аныкталат.
Статистика: