Бүгүн, 12-июль фотографтардын күнү. Бул күндү дүйнө боюнча фотографияга кызыккан адамдар белгилеп келишет. Бүгүнкү күндө колуна смартфонун алып, жок дегенде 1 жолу "чырк" эттирбеген адам кездешиши кыйын. Демек, сиз дагы бул күндү сыймык менен белгилесеңиз болот. SUPER.KG порталы дүйнө жүзүнө таанымал болгон жана керектүү жерде, керектүү учурда тартылып калган сүрөттөрдүн топтомун тартууламакчы. Ага чейин фотография дегеле, фотографтардын жаралыш тарыхына кыскача токтоло кетели.
1839-жылы франциялык Луи-Жак Манде Дагер аттуу адам фотосүрөттү кантип алуунун жолун издеп, бир нече эксперименттерди жүргүзүп көрөт. Ал жалпак, жукартылган жез металлды күмүш менен каптап, аны йоддун буусу менен буулантып иштеп чыгат. Жыйынтыгында жарыкты сезгич күмүштүн иодиди алынат. Андан соң Луи Дагер алынган элементти жарым саатка нур менен жарыктандырган соң караңгы бөлмөгө алып кирип, бир нече убакытка чейин ысытылган сымаптын буусуна кармап турган. Металлдын бетинде пайда болгон сөлөкөттүн көпкө кармалып туруусу үчүн кайнатылган тузду колдонгон. Ошону менен Даггер сапаттуу сүрөт алууну ойлоп тапкандардын сап башында жазылып калган. Ал бул эмгегин дагеротипия деп атап, бирок сүрөттү көбөйтүүгө мүмкүн эмес экендигин белгилеген.
Маанилүү жана тарыхый көз ирмемдерди кылымдарга сактап калуунун жолу фотография экенин түшүнгөн илимпоздор бул кубулуштун үстүнөн тынбай тер төгүп эмгектенишкен. Луи Дагер иштеп чыккан эмгектин негизги объектиси болгон фотоаппараттар ойлоп табылган соң, XIX кылымдын соңунда коомго фотографиялык журналистика түшүнүгү кирген. Мына ушундан тартып гана фотограф кесиби негизделген делет тарыхта. Ушул учурда алгачкылардан болуп, 1912-жылы Данияда профессионалдык деңгээлдеги уюм - ЖМКлар фотографтарынын бирикмеси түзүлгөн. Ага 6 фотокабарчы кирген. Көпчүлүк учурларда фотографтар ар кайсы басылмаларда иштешип, ар түрдүү көз ирмемдерди кармап калууга жардам беришкен. Мунун негизинде журналистика жаатында эмгектенгендер социалдык теңсиздик, коомдогу түрдүү көйгөйлөр, кедейчилик, балдарды мыйзамсыз оор жумушка тартуу, алардын эмгегин пайдалануу, зордук-зомбулук сыяктуу маселелерди козгоп, аларды фотографтардын сүрөттөрү аркылуу чагылдырып келишкен.
Бүгүнкү күндө мындай маселелер бир гана журналисттердин же фотографтардын гана колунан келе турган иш эмес. Азыр ар бир адамдын колунда бирден смартфон бар. Алар эркин демократиялуу заманда өзү үчүн өзгөчө деп эсептелген же коомчулукка жакпай турган типтүү көйгөйлөрдү сүрөт, видеого тартып социалдык тармактар, интернет басылмалар аркылуу коомчулукка таратуу мүмкүнчүлүгүнө ээ. Буга мисал катары SUPER.KG порталынын "Соңку кабар" бөлүмүндөгү "ЭЛДИК КАБАР" рубрикасын келтирсек болот.
Ал эми төмөндө башта кеп кылгандай белгилүү сүрөттөрдөн топтом сунуштамакчыбыз.
Сүрөт Улуу Ата Мекендик согуш учурунда тартылган. ТАСС басылмасынын фотографы Евгений Халдей "Leika" үлгүсүндөгү фотоаппараты менен Мурмансктан Берлинге чейин кыдырып, согушту чагылдырган фотограф катары тарыхта калган. Сүрөттө 1945-жылы Рейхстагга СССРдин кызыл байрагын орнотуу учуру чагылдырылган.
Легендарлуу "Битлз" тобу "Abbey Road" альбомунун сыртына чыгаруу үчүн 1969-жылы 8-августта тартылган сүрөт. Бул көз ирмем үн жаздыруучу студиянын алдынан тартылган. Сүрөттү тартуу үчүн унаа жолду бир нече мүнөттөргө жаап турушкан. Ошол учурда тартуу иштери жүрүп жаткан аймакта америкалык турист сейилдеп жүрүп, полиция кызматкерлери менен сүйлөшүп туруп калган. Жолдун баарын жаап коюп жөө адамдар өтүүчү жолдон ары-бери басып жүргөн кишилерди көрүп турист "акылынан айныгандар го" деп койгон. Жыл өткөн соң ал легендарлуу "Битлз" тобунун атактуу альбомунун мукабасы экенин жана ага өзү да түшүп калганын билген.
Азыркы заманда фотошоп деген эң кеңири пайдаланылган ыкма бар. Ал эми бул сүрөттө ал ыкма колдонулган эмес, баары табигый жол менен тартылган. 1948-жылы бул сүрөттү тартуу үчүн автордун жана катышкан персонаждардын 6 сааты кеткен. Фотограф Филипп Халсман белгилүү сүрөтчү Сальвадор Далинин жакын досу болгон. Досунун чыгармачылыгын жан дили менен колдогон фотограф анын идеяларын ишке ашырууга да жардам берген. Уникалдуу сүрөттү тартуу үчүн Сальвадор Дали секирип, ошол эле учурда жардамчылар сууну чачып, 3 мышыкты ыргытып, креслону кармап турушкан. Ушул кадрды кармоо үчүн бул кыймыл аракеттер 28 ирет жасалган.
Бул классикалык сүрөттө чагылдырылган атактуу актриса Мэрилин Монро экенин билбеген адам болбосо керек. Кадр "Зуд седьмого года" тасмасына тартылуу учурунда кармалган. 1954-жылы 9-сентябрда Нью-Йорк шаарында тартылган кадрга Монронун күйөөсү Жо Ди Маджио дагы күбө болгон. Топтошкон эл, актрисанын күйөрмандары, жабалактаган журналисттер жана фотографтарды көргөн күйөөсү кызганычтан улам абдан ачууланат. Жубайлардын ортосун бул түнү уруш аралап, түн тынчы жок өтүп, Монрого күйөөсү кол көтөргөнгө чейин барган. Окуядан 3 жума өткөн соң, актриса сотко ажырашуу арызын берген. Фотограф Мэтти Зиммерман тарткан сүрөт ошентип жубайлардын ажырашуусуна себеп болгон десек болот.
Физик-теоретик Альберт Эйнштейндин бул сүрөтүн учурда эмне деген гана мэмдерге колдонушпайт. Атактуу сүрөттү фотошоп дегендер да бар. Мындай ойдогулар жаңылышат.
Ал күнү Эйнштейн 72-туулган күнүн белгилегени чогулган мааракеден жубайы менен чогуу чыгат. Автонаага эми эле отурган Эйнштейнден фотограф Артур Сассе ачык турган эшиктен сүрөткө тартып алууну суранат. Илимпоз ага карап тилин сунган учурда фотограф кадр кармап калууга жетишип калган.
Тилин сунган Эйнштейндин атактуу сүрөтүнө секундалык көз ирмемдер калган учур. Сүрөттүн оригиналында 3 адам тартылган. Ал эми Эйнштейндин башын гана кесип алып ар түрдүү максаттарга колдонулган варианты учурда коомчулукка көп тараган. Эйнштейн бул сүрөттү өзү да жакшы көргөн дешет. Ал жакындарына куттуктоо открыткаларын жазганда ушул сүрөтүн кошуп салып жиберген учурлары болгон.
Сүрөткө абдан ынтаа коюу менен карасаңыз, ымыркайдын колу эненин курсагындагы тешиктен чыгып, хирургдун колун кармап турганын көрүүгө болот. Сүрөт 2012-жылы тартылган. Хирургдар эненин курсагында жаткан 21 апталык балага операция жасоону чечишет. Америкалык врачтар баланын жүлүнүндө көйгөй бар экенин билип, анын мээсине доо кетпеши үчүн курсакта кезинде операция жасоону чечишет. Хирургдар эненин курсагындагы кичинекей тешик аркылуу балага операция жасашкан. Кичинекей колдун тешиктен чыгып, врачтын колун кармаганын "өмүрүмдү сактап кал" деген жалынычы катары кабылдашкан. Сүрөт медицина жаатындагы эң жүрөккө тийген учурлардын бирин чагылдырат. Өлүм менен алышкан ымыркайды эгер энеси макул болсо ошол күнү эле курсактан ажыратып алып таштоо мүмкүнчүлүгү бар болчу.
Шотландиялык фотограф Алан Макфэдьен бул сүрөттү тартуу үчүн 6 жылын коротконун дүйнөлүк басылмалар жазып чыгышкан. Чабакчыл чымчыктын сууга киришин тартууну кыялданган фотограф жылына 100дөй ирет көлмөнүн жээгине келип идеалдуу кадрды алуу үчүн убакытын аяган эмес. Тийиштүү кадрды алуу үчүн фотограф 720 миң кадр тарткан.
12-июлга карата жылнаама.