ЖЫЛНААМА, 29-ИЮЛЬ: Бетине бычак тийгизип көрбөгөн корей актрисасы Син Се Гён 27 жашка чыкты

Түштүк Кореяда пластикалык операция бөтөнчө популярдуу. Ага жараша атактуу болгусу келгендер же белгилүү болгондон кийин деле корей жылдыздарынын көбү хирургдардын кызматында болушат. Ал эми “мен табиятымдан сулуумун” дегендер такай коомчулуктун жана журналисттердин микроскоптук көзөмөлүндө жүрүшөт. Алардын бала чактагы сүрөттөрүн кадимкидей аң уулоого чыгышкандай эле издешкени маалым.

Син Се Гёнду да дайыма пластикалык операция жасаткан деп кине коюуга аракет кылышат. Бүгүн 27-жайын тосуп алган каарманыбыз 8 жашында эле модель катары дебют жасаган. Тагыраагы ал корей ырчысы Со Тхэ Джинин “Бешти бер” деген альбомунун мукабасына сүрөткө түшкөн. Андан ары балдар берүүлөрүнө катышып, кыялында ырчы болууну самачу. Бирок Син Се Гён тарбияланган агенттик ырчылыктын ордуна актриса болуп көрүүсүнө көндүргөн. Ошентип, ал 2004-жылы “Менин кичинекей келинчегим” деген тасмада экинчи пландагы ролду аткарган. Альбомдун мукабасын бекеринен сөз кылбадык. Арадан 19 жыл өткөндөн кийин ырчынын быйылкы 25 жылдык чыгармачылык юбилейинин урматына Син Се Гён кайрадан альбомдун тышын кооздоду. Дал ушул сүрөттүн өзү актрисанын пластикалык хирургдардын столуна жатып бербегенин көрсөтөт.

Ал эми тартылган сериалдары жана тасмаларына токтолсок, “Моданын падышасы” (2012-жыл), “Эркек сүйгөндө” (2013-жыл), “Жыттарды көрө алган кыз” (2015-жыл), “Tazza 2” (2014-жыл), “Алты учуучу ажыдаарларды” (2015-жыл) белгилөөгө болот.

Азыркы тапта актрисанын катышуусунда “Дарыялар Кудайынын жубайы” деген сериал Түштүк Кореяда көрсөтүлүп жаткан кези.

29-июлга карата жылнаама.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (1)
bema10
2017-07-30 03:42:19
Эмнеси сулуу
0
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан