ЖЫЛНААМА, 15-АВГУСТ: Эл көзүнө боёнбой чыга алган саналуу корей актрисаларынын бири Сон Чжи Хё 36 жашка чыкты

Адегенде модель, кийин актриса, акыркы учурда алпаруучу катары таанылып жаткан Түштүк Кореянын белгилүү актрисаларынын катарын толуктаган Сон Чжи Хё 1981-жылы туулган. Эгерде корей сериалдарын кууп көргөн сүйүүчүлөрдүн бири болсоңуз, аны 2006-жылы чыккан “Хан сарай” дорамасындагы балеринанын, "Үч падышалыктын жылнаамасы: Жумонг" тарыхый драмасында жараткан хандын жубайынын ролу аркылуу тааныйсыз. Ал эми акыркы тартылган сериалдарынын ичинен “Тез жардам” кызматынын врачтарын” белгилөөгө болот. Ошондой эле “Тоңуп калган гүл” тасмасында башкы каармандардын катарындагы ханышанын ролу менен атагы арткан. Дуу-дуу кепти жараткан бул фильм 18+ категориясында экендигин эске сала кетели.

Эми бүгүн туулган күнүн белгилеп жаткан актрисанын өзгөчөлүгүнө токтолсок. Анын башка корей атактуу айымдарынан айырмачылыгы - бул жасанбай-боёнбой эл көзүнө чыгуудан тартынбаганында. Популярдуу “Чуркап бара жаткан адам” шоу берүүсүнүн катышуучусу катары көрүүчүлөр актрисаны тасма талаасынан сырткары кандай экендигине күбө болушкан. Тагыраагы Сон Чжи Хё көбүнесе ал берүүгө мейк-апсыз, же билинер-билинбес боёнуп эле тартылган. Ал эми өзү бул тууралуу Түштүк Кореяда чыккан “Cosmopolitan” журналына берген маегинде минтип айткан: “Ачыгын айтсам, макияж жана стилист тандап берген кийим-кече менин кыжырымды гана келтирет”. Жыйынтыгында анын мындай кадамы такай көрүүчүлөр тарабынан колдоого алынып келет.

15-августтун жылнаамасы.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (5)
tavanova.sarah
2017-08-15 22:08:18
"Жумонг" деген кинодо Жумонгдун аялы беле? Эзилип эле журо беретко)
+6
Эльвира Караева
2017-08-16 09:04:53
tavanova.sarah, ооба, ошол. Жогоруда берилген фильмографиясынын урунттуу учурлары боюнча маалымат толукталды.
0
medetbek
2017-08-16 03:40:43
Кыргыз го бу, биз жактан болот, кареяга качан кеткен? )))
-3
Zamanam
2017-08-16 05:25:18
Тонуп калган гул фильминен кийин ХХХ актрисабы деп ойлогом
Атак жакшынакай актриса...
-3
Tologon_official
2017-08-16 07:45:51
ЖУМОНГдун аялы да болуп аткарат,бир киносунда ХХХго катышкан
0
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан