Учурда корей тасмалары жана сериалдары Азия континентинде гана эмес, бүтүндөй планетада өз күйөрмандарын таап, алардан куралган армиянын катарын күн сайын калыңдатып жаткан мезгили. “Дорамалар дүйнөсүнө кантип келип калгансыз?” деген суроо түрдүү форумдардын баналдуу суроосуна айланганына карабастан, корей сериал сүйүүчүлөрүнүн көбү жаттап алгандай “Кышкы сонатаны”, андагы баш каарман Кан Жун Санга болгон сүйүү арбап келип калганын жазышат. Мына ошол ролду аткарган Пэ Ён Жун 1972-жылы Түштүк Кореянын Сеул шаарында туулган.
Актёрдун карьерасынын тушоосу 1994-жылы кесилип, ар кандай сериалдар жана тасмаларга тартылып жүргөнү менен баш айланткан атактуулукту 2001-жылы экранга чыккан “Мейманкана кожоюну”, анын артынан эле 2002-жылы тартылган “Кышкы соната” сериалындагы ролу менен багынткан. Андан бери арадан 15 жыл өтсө да актёр бир ушул Кан Жун Сандын ролуна кишенделип калгандай туюлат. Бул сериалды бекеринен маданий феномен же “корей толкуну” дешпейт. Дал ушул “Кышкы сонатанын” ийгилиги башка корей тасмалары жана сериалдарына дүйнөгө карай жол ачкан.
Чыгыш өлкөлөрүндө ушул кезге дейре жүргүзүлгөн сурамжылоолордо “эң сүйүктүү корей актёруңуз ким?” деген суроого берилген жооптор боюнча Пэ Ён Жун лидерликти башка бирөөгө карматпай келет. “Бул актёрдун ар бир ролу ишенимдүүлүгү менен өзүнө тартып турат. Эч бири жасалма эмес. Ал аткарган каарман – кыялыбыздагы жигит. Эң башында түнт жана көңүлкош болуп көрүнөт, бирок аягында туруктуу жана бериле сүйө билген адам болуп чыга келет” деп күйөрмандары жооп кайтарышат.
Пэ Ён Жун өлкөсүнүн эң кымбат актёрлорунун бири болуп эсептелет. Ал 2007-жылы тартылган “Уламыш” деген сериалдын ар бир сериясы үчүн 250 миң доллардан турган гонорар алган. Ал эми жарнамага тартылуу баасы 710 миң доллардан турат. Бул маалыматты тараткан “Money today” жаңылыктар сайты Пэ Ён Жунду эң чоң акча төлөнгөн 7 атактуунун ичине киргизген. Корей басылмаларынын маалыматы боюнча, актёрдун учурдагы тасмага тартылуу үчүн ставкасы 5 миллион доллар.
Жеке жашоосуна келсек, Пэ Ён Жун эл көзүнөн оолак болгонду жактырат. 2015-жылы актёр ырчы жана актриса Пак Су Жинге үйлөнгөн. Үлпөт тойго журналисттерди жолоткон да эмес, салтанат учурунда тартылган жападан жалгыз бир сүрөттү Пэ Ён Жун Инстаграмдагы баракчасына күйөрмандары үчүн гана илген. 2016-жылы жаш жубайлар уулдуу болушкан. Экөөнүн мамилесиндеги эң кызыктуусу - бул алардын таанышканына 3 ай болгондо гана актёрдун сүйүктүүсүнүн колун сураганында. Пэ Ён Жун учурда “KeyEast Entertainment” агенттигинин эң ири акционери. Агенттик 30дан ашуун актёр жана актрисаларга менеджер болуп саналат.
29-августтун жылнаамасы.