Сотто Зилалиевдин жардамчысы ал курчоодо турган кызга "чоң кыз, сизге форма жакшы жарашат экен" деп айтканын билдирди

Бүгүн, 25-майда Бишкек шаарынын Биринчи Май райондук сотунда Мамлекеттик мүлк фондунун мурдагы төрагасы Дүйшөнбек Зилалиевдин иши каралып жатат. Анын жүрүшүндө 2017-жылы 24-ноябрь күнү унаасы менен Дүйшөнбек Зилалиевди жумушка алып барган жардамчысы Манас Балтабаев көрсөтмө берди.

"Ошол учурда Дүйшөнбек Текшербековичтин жардамчысы элем. Ал күнү Дүйшөнбек Текшербековичти унаам менен барып жумушка алып кеттим. Жолдо бара жатып жол чыракка токтодук. Ал жерде милициянын формасын кийген кыз курчоодо туруптур. Дүйшөнбек Текшербекович ал кыздын көңүлүн көтөргүсү келдиби "чоң кыз, форма сизге жарашат экен" деди. Кийин унаа ордунан жылган учурда "чоң кыз, формаңызды оңдоп алыңыз" деди. Мен Дүйшөнбек Текшербековичке айттым, сизди туура эмес түшүнүп калды окшойт, бизге башкача тиктеп калды дедим", - дейт Балтабаев.

Айта кетсек, буга чейин "Дело №" гезити президент Сооронбай Жээнбеков ант берип жаткан күнү "өкмөттүк жолго жардыруучу зат коюлган" деген жалган маалымат тууралуу жазган. Басылманын маалыматында, ИИМ Академиясынын курсантына, кара Лексус айдап жүргөн белгисиз адам өкмөттүк жолго жардыруучу зат коюлганын айткан. Ал жерге Бишкек ШИИББинин ыкчам-тергөө тобу барып, шектүү эч нерсе табышкан эмес. Кийинчерээк бул маалыматты айткан Зилалиев экени белгилүү болуп, бул факт боюнча кылмыш иши козголгон.

Дүйшөнбек Зилалиев болсо SUPER.KG порталына жогорудагы маалымат абсурд экенин, болгону курсант кыздын формасына сын айтканын билдирген.

Тектеш кабарлар:
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (11)
Dalil
2018-05-25 11:44:06
Жолдо калжаңдабай жөн кетсе мындай болмок эмес эгер айтканы чын болсо. Андан сырткары форманы бомба деп угуп алгыдай начар уккандарды милицияга жумушка албайт
+8
Ermekbai
2018-05-25 11:51:16
Формасы менен иши эмне өзүнүн жолунда жүрбөйбү калжыңдабай
+10
aerforce
2018-05-25 12:02:03
ар кимге тийишип көнгөнда байлык бийлике чиренип бул жолу намыстуу кызга туш келип калдыда ошондой кыздар Кыргызстанды оңдойт ошондой кыздар кобойсүн шагын сындырып койбогула
+7
Chungyz
2018-05-25 12:02:06
Уят
+3
Chungyz
2018-05-25 12:02:39
Жалган дардан тажадык
+4
Kychtyy
2018-05-25 12:05:18
Эй койчай. Таза бузук телефон ойногонсунарго. Тамаша. Бирок логический зилалиев неге айтсын бомба бар деп тобо. Кыз жакшы тушунбой калганда. Мен зилалиев тарап эмесмин алдын ала айтып коеюн. Бирок озунор ойлосонор неге айтышы мумкун. Жолдогу курсант кызга. Бар болсо бомба ошол курсанттан башка чече тургандар барда зилалиевдин куну курсантка тушкудой не. Просто кыз жакшы тушунбой калган толкунданып айткан. Соз ырбап чууга айланды
-3
Ulan8383
2018-05-25 12:13:23
Фигурасына тийишсе керек бомба экенсин деп.
+5
Ulan8383
2018-05-25 12:14:15
Кийинки посттогуларга,тиги жакта бомба турат деп жалжандап
+2
Arlenchik
2018-05-25 12:47:30
Бомба бар деп айтпаган кундо да, токтоп алып курсант кыздын формасына эмне асылат, жогорку кызматтагы адам болгондон кийин кыздын формасына асылбайле кете бербейби, тушунуктуу эле болуп турат, копконунон жон кетпей токтой калып калжындап тийишти да кызга, ушуга туурале болот озу, кылган иши жок, акыркы учурларда чон кызматтардын бир-биринен бирине секирип кооп алдыле, жарытарлык иш кылбай.
+7
Meni_unut
2018-05-25 13:07:18
Фигуран бомба дегендир да
+2
simone
2018-05-25 13:12:21
Чокусуна айтабы чон эле киши, 18 жашар жаш жигит болсо экен, жаштык кылыптыр демекпиз
+9
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан