Мурдагы вице-премьер-министр Дүйшөнбек Зилалиевдин камакка алынганы айтылды

Мурдагы вице-премьер-министр Дүйшөнбек Зилалиевдин кармалып камакка алынганын SUPER.KG'ге 9-декабрда өздүк булактар тастыкташты. Буга чейин мындай маалымат социалдык тармактарда тарап жаткан.

Маалым болгондой, ал 8-декабрь күнү саат 17:00 чамаларында "Манас" аэропортунан кармалып УКМКнын убактылуу кармоочу жайына жеткирилген.

Ал эми УКМК Зилалиевдин кармалганы боюнча азырынча расмий маалымат тарата элек.

Зилалиевге 2017-жылдын 1-декабрында Кылмыш-жаза кодексинин 228-беренеси (терроризм актысы жөнүндө атайылап жалган билдирүү жасоо) менен иш козголуп, 2018-жылдын 18-октябрында Бишкектин Биринчи Май райондук соту шарттуу түрдө 3 жылга соттогон.

Зилалиевдин жактоочусу ага "Мыйзамсыз баюу" беренеси менен иш козголгонун айтты
Зилалиев Биринчи Май райондук сотуна алып келинди
Тектеш кабарлар:
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан