"Бишкектеги абанын булганышы боюнча бири-бирибизге шылтап жатабыз", - деп бүгүн, 11-январда Жогорку Кеңештин жыйынында КСДП фракциясынан депутат Аалы Карашев билдирди.
Анын айтымында, Бишкек шаарынын абасын коюу түтүн каптап жатканы боюнча парламентте сөз болгон.
"Бир жума мурун парламентте экология маселеси боюнча айтылган. Өкмөт башчы жыйын өткөрүп, тийиштүү мамлекеттик органдарга тапшырмалар берилген. Бирок жыйынтыгында бири-бирибизге шылтамай башталды. Жылуулук электр борборунун директору жаңы конуштарды түтүн каптап жатканын айтууда. Жаңы конуштар бүгүн эле пайда болуп калган жок да. 30 жылдан бери бар. Бүгүн эле көмүр жагып калган жок. Бул тууралуу бири-бирибизге шылтабай маселени тез арада чечиш керек", - деди депутат.